Menu

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер: «Өкмөттүн парламентке берген отчету өкмөт мүчөлөрүнүн өзүнүн деңгээлдерин ашкере кылды»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-ноябрда, Жогорку Кеңеште “КРнын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралууда. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. Ушундан улам, экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиевичти кепке тарттык.

Каныбек мырза, бир кезде сиз отуруп кеткен парламентте эки күндөн бери өкмөт бюджет боюнча баяндама жасап, депуттардын суроолоруна жооп берүүдө. Алардын отчету, жообу сизди канааттандырып жатабы?

-Өкмөттүн отчету жана депутаттардын суроолорунун кечээгисинен баштай турган болсом, Өкмөттүн илең-салаң отчетуна эч кимиси чындап көңүл деле бурушкан жок. Депутаттар суроо беримиш болушту, өкмөт мүчөлөрү жооп беримиш кылышты. Бири-бирине ыраазы болушуп маселени жабышты. Бир гана депутат Евгения Строкова билим тармагына бөлүнгөн акчанын 2018 – жыл үчүн аткарылышынын ички структурасын сурады эле аны өкмөт мүчөлөрү баса калып талап жиберишти. Премьер болсо: “мен сизди түшүнгөн жокмун”,- деп кутулду!  Мына бүгүн да Строкова: “менин суроомо түшүндүңүзбү”,-деп премьерге суроо узатты эле, ал: “жок, мен сизди дагы деле түшүнбөй жатам, эмнени айткыңыз келип жатканын. Мага кагаз жүзүндө кайрылыңызчы”,-деди уялбай туруп эле. Ошентип Строкова эки күндөн бери билим тармагы боюнча суроого жооп ала албай жатат. Шору бар билим тармагы болсо эшек арабасын кылдыратып дагы мурунку илен-салаң басыгы менен кете бермей болду. Ал эми Өкмөттүн парламентке берген отчету өкмөт мүчөлөрүнүн өзүнүн деңгээлдерин ашкере кылды. Эч кандай конкретика жок. Азыр саясатчыладын 99% ы күтүү жолуна түшүп алышпадыбы. Эмне болоор экен? Кантип кыпчыла калаар экемин? Мага кандай кызмат буйруйт болду экен? – деген көрпенделик үмүттөр. Депутаттардын дагы баары ошол режимде жашап жатышат. Бирок, ЖКда бүгүн бир ачылыш болуп кетти! Байкадыңарбы?

– Айрым депутаттар Өкмөттүн отсавкасын талап кылышты. Ошону айтып жатасызбы?

– Ооба, ошону айтып жатам. Кээ бир депутаттар Өкмөттүн отставкага кетишин талап кылып жиберишти. Мисалы, депутат Бакыт Төрөбаев Өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып, дароо эле парламенттик көпчүлүктү түзгөн коалицияга кайрылды. Мунусуна ынандым. Чындыкты айтты. Ал турсун коалицияны таратуу маселесин дагы козгоп жиберди. Бул кадамы күчтүү болду. Ал турсун КСДПнын лидери Иса Өмүркулов дагы: “Өкмөт арабасын тартпаса алмаштырыш керек!”,-деп жиберди. Андан кийин эч кимиси унчукпай калышты. Менимче, айткан сөздөрүнөн өзүлөрү кайра коркуп кетишти окшойт! Бирок, маселе дагы эле саясий маневрлар менен коштолуп турду. Алмамбет Шыкмаматов инибиздин криминалдык иштер боюнча маселесин премьер-министр анча тоготуп деле койгон жок. Болуп келген, болуп жатат жана боло берет дегенчелик кылып койду. Калган депутаттар ооз ача алышпай баштарын кумга тыгып алышты. Ойлогондору эле жаман көрүнүп албайын болуп жатат. 2020-жылкы шайлоого барышат, да. Элдин абалы алардын көбүнө бир тыйын.

– Туура, эмитен эле депутаттар 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга аракет жасап, элдин көйгөйүн көтөрүмүш болуп, пиар жасап жатышат. Айрым популист депутаттар шайлоо босогосундагы 9 пайыз чектен өтө албай калуудан коркушууда. Дегеле чек боюнча кандай ойдосуз?

– Эмнегедир бул сапар кыргыз эли туура жолго түшүшү керек деген ишенимим бар. Ал үчүн шайлоо таптаза уюштурулушу керек. Биринчи кезекте президент өзү калыс арбитр болуп турушу шарт. Анын мындай позициясы маселенин 90%ын оң жагына чечип коёт. Кырдаалды ал киши адекваттуу түшүнүп турса керек деген үмүтүм бар. Негизинен төмөнкү маселелер мыйзам жолу менен бекемделип чечилиши зарыл: шайлоо босогосунун чеги 5 %дан жогору эмес болушу; талапкерлердин тизмесинин ачык режимде шайлоочуга берилиши; админстрациялык ресурстун таасиринин толук  жоюлушу; шайлоочулардын тизмесинин адилет түзүлүүсү жана ММК каражаттары аркылуу адилет дебаттарды уюштуруп берүү … Булар негизги талаптар болушу керек. Муну аткарууга бир гана президенттин эрки керек жана кааласа толук аткара алат! Каражаттын дагы кереги жок! Мындан сырткары, азыркы БШК мүчөлөрүн жаңылоо, электрондук (бюллетенсиз) добуш берүү, чет жерлерде жүргөн мекендештерибиздин шайлоо укугун камсыздоо; ж.б. кадамдар.

-БШКга ишенич барбы?

– Көрүнүп тургандай, эгер кааласа жогорудагы чаралар оңой эле аткарылат. Кеп саясий эркте! Аксакал катары айтып коёрум: элдин чыдамы менен ойнобоңуздар! Кыргызстандын келечеги үчүн шайлоону ачык-айкын жана адилет өткөрсөңөр гана атыңар тарыхта алтын тамгалар менен жазылат. Ал эми кыргыз элиме чыныгы Кайра Жаралуу доору келет. Эл тараза, баарын байкап турат. Эл азыр мурда болуп көрбөгөндөй активдүү абалга келди жана анын кылымдарды карытып келген пассионардык касиеттери күчөп бара жатат!

– Шайлоого катышасызбы? Парламентти сагындыңызбы?

– Мен дагы 2020-жылкы парламенттик шайлоо боюнча көп ойлонуп жүрөм. Аны эми убакыт көрсөтөт. Өлкөдө көп окуялар болууда, ошонун баары оңго чечилип, элдин жашоосу оңолсун!

– Көп окуянын ичинен учурда Кытай жаранынын өлүмү резонанс жаратты. Анын өлүмү Кыргызстан үчүн эмне мынча резонанс туудуруп жатат деп ойлойсуз?

– Убагында биздин Финпол ал раматылыкты 700 млн сомдун сыртка чыгарылып кетиши боюнча кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн деген доомат менен издөө салып жүрбөдүбү эле? Эми эмне болду? Ал адам Стамбулдун так ортосунда өлүм таап отурат. Анан кызыгы ал Кыргызстандын Стамбулдагы Баш консулунун автомобилин тээп жүрүптүр! Мына сага! Мамлекет болбосоң коё кал! Укук коргоо органдары издөө салып жүрсө, ошол эле потенциалдык кылмышкер биздин бакыйган консул менен байланышта жүргөнү аныкталганы турат! Консул шашылыш түрдө кызматынан алынды! Эми ошол кытай жаранын өлтүргөн деген шек менен Кыргызстандын 2 жараны кармалып жатканы укмуш! Баары чиеленишип кеткендей болуп жатат. Менимче, бул криминалдык эле өз ара согуштар болуп жатканындай туюлат. Түрк Фемидасынын жыйынтыгында билинет го? Көп купуя сырлар бар!

– Купуя сыр демекчи, тарых музейиндеги коррупция да сыр болуп келет. Ал боюнча сот да улам узарууда… Эл аны качан ачылат деп күтүүдө… Анын качан ачылаарын депутаттар премьерден сураганда, ал билбестигин айтты…

– Азыркы кылмыш иштеринин ичинен мага өзгөчө терс таасир бергени так ушул Тарых музейиндеги коррупциялык кылмыштар болуп жатат. Адамдан абийир биротоло кеткенде кээ бирлери бүткүл улүттун чырагы болгон тарыхый балуулуктарыбызга дагы кол салышат турбайбы? Муну мен кечирилгис күнөө деп эсептеймин! Мындай наадандар аёосуз жазаларын алышы керек. Бул кыргыз улутунун намысына шек келтиргендик ! Жаш муундарыбыздын келечегине балта чапкандык менен барабар! Канча зыяндар келтирилиптир! Эми ушул ишти солгундатып туруп жаап коюшса, кыргыз элимин келечеги жок бир кемпай турбайбызбы дешибиз керек! Андан башка кандай ойлор болушу керек? Кичине эле эл үчүн күйгөн сот болсо эмдигиче адилет өкүм чыгарып элдин көкшүнүн суутуп коюш керек болчу! Башкы фигуранттарды эмнеге эле өмөчөктөп калкалап турушат, түшүнбөйм?! Эмне сөзсүз эле эл өзү чындык издеп баарын кыйратып кириши керекпи? Азыркы бийлик биринчи кезекте ушул жагын ойлошу керек! Тез арада, болбосо өтө кеч болуп бара жатат!

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: