Menu

Бишкектеги коомдук транспорт дем алыш жана майрам күндөрү иштей баштайт

Бөлүшүү:

Бишкектеги коомдук транспорт дем алыш жана майрам күндөрү иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми иштөө режими өзгөргөн жок. Эртең менен 7.00дөн 11.00гө чейин жана 14.00дөн 23.00гө чейин иштейт. 11.00дөн 14.00гө чейин – унааларды жууп, тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн санитардык тыныгуу.

Мындан тышкары, 20-августтан баштап айрым ишкердик субъекттеринин иши узартылат. Кафелер жана ресторандар, ошондой эле башка тамак-аш соода түйүндөрү 7.00дөн 00.00гө чейин иштейт.

Соода борборлору, комплекстер, дүкөндөр, супермаркеттер күн сайын саат 7.00дөн түн жарымына чейин иштейт.

Ошол эле учурда, тойкана жана оюн-зоок мекемелери (түнкү клубдар, барлар, караоке клубдары, кинотеатрлар, интернет клубдар, компьютердик мекемелер жана башкалар), балдар аянтчалары жана көңүл ачуучу борборлордун ишине дагы деле тыюу салынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: