Menu

Видео – Медер Алиев, юрист: “Садыр Жапаров бир жыл ката кетирсе дагы аны эл кечирет”

Бөлүшүү:

Садыр Жапаров элдик президент. Кыргызстан эми өзгөрүлөт. Мындай пикирин бүгүн, 7-декабрда Ютуб каналдардын бирине юрист Медер Алиев билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров жарым же бир жыл ката кетирсе дагы эл аны кечирет.

“Азыркы саясатчылардын арасынан президенттик жарыштын фаворити Садыр Жапаров. Муну каршылаштары дагы, Садыр Жапаровчулар дагы айтат. Өмүрбек Текебаевдин интервьюсун көрдүм. Ал дагы ушул сөздү айтып жатат. Элдин Садыр Жапаровго ишеними бар. Садыр Жапаров жарым жыл, бир жыл ката кетирсе дагы эл аны кечирет. А бирок бир жылдан кийин туура эмес жол менен кете берсе, анда эл бурулуп кетет. Эгерде туура жолдо кетсе, эл кубаттайт, колдойт. Жапаров башка саясатчылардан айырмаланып саясий куугунтуктун эң катуу формасын көрдү. Ошол дагы ишеничти өстүрдү.

Мен билбейм ким президент болот. Бирок Садыр Жапаров боло турган болсо, башка президенттерге караганда анын жоопкерчилиги 100 эсе чоң. Бул адашканга укугу жок. Азырынча Садыр Жапаров бир дагы чоң ката кыла элек деп айта алам”, – деди Медер Алиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: