Menu

“Оңтойсуз суроолорго” орундуу жооп

Бөлүшүү:

Өткөн жумада республикалык сайттар жана айрым гезиттер Салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкери менен Кара-Суу базарынын жумушчусунун ортосунда түн ичинде болуп өткөн мушташ жөнүндөгү макалаларды жарыялашкан.

Анда салык кызматкери мас абалында базардын ичин шыпырып жүргөн жумушчунун аялын зордуктоого аракет жасап, аялына жардамга келген күйөөсү менен мушташа кеткен.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов Кара-Суу району боюнча салык органынын кызматкеринин катышуусу менен болуп өткөн бул түнкү окуя боюнча кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен салык кызматкерине карата мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн тийиштүү чаралар колдонулмакчы.
Ошол эле учурда инциденттин катышуучуларынын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендигин тиешелүү укук коргоо органдары жана соттор гана аныктаарын белгилеп кетмекчибиз. Анын үстүнө, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги салыкчынын мындай жүрүм-турумун айыптайт, анткени ар бир мамлекеттик кызматкер өз жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болууга тийиш.

МСК басма сөз кызматы

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: