Улуу Британиядагы Кыргызстандын толук жана ыйгарымдуу элчиси Эдил Байсалов көптөн бери бойдок жүргөнү белгилүү. Кырктан жаңы ашкан куракта кыздар жакпай, улам тандай берип, аз күн мурда сүйүктүүсүнө Лондондун жамгырлуу түнүндө жолугуп, жылдыздары келишкени бизди кубандырды. Кыз-жигит болуп жүргөн жаштар жакында баш кошору белгилүү болду. Буюрса, эми Эдил мырза Лондондун суук түндөрүндө жалгыз болбой жарын тапса, бактылуу болушуна тилектеш болобуз.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ