Menu

Аида Салянова: “Мыйзам күчүнө кирсе, таасири жакшы болот”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш жаш жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун 3-окууда жактырган менен, ага мамлекет башчысы тарабынан азырынча кол коюла элек. Бул тууралуу маалымат берип демилгечи депутат Аида Салянова бүгүн, 20-октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

“Мыйзам долбоорун жазууда колдонула турган жаза чараларынын түрүн эркинен ажыратуу менен эле чектеп койбостон, айып салуу менен дагы коштосок деген сунуштар болгон. Бирок, Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүү киргизгенден көрө, Кылмыш-жаза кодекстине өзгөртүү киргизген туура деген жыйынтыкка келдик. Себеби, айыпты төлөп коюу менен жоопкерчиликтен качып кете турган тараптар деле жок эмес экенине көзүбүз жетти”,- дейт  депутат А.Салянова.

Мыйзам күчүнө кирсе, анын таасири жакшы болоорун айткан депутат,-“Ак-Талаа районундагы бир үй-бүлөдөгү жашы жетелек эки кыздын бирдей турмушка чыгышы тууралуу окуя сунушталган мыйзамдын жардамы менен коомчулукка ачыкталып олтурат. Бул да болсо жергиликтүү бийликтин, жалпы коомчулуктун жашы жетелектердин эртелеп турмуш куруусуна жол бербөөгө жапырт каршылыгын көрсөтүүдө”,- дейт.

Депутаттар А.Салянова, Ө.Текебаев, Б. Сулейманов, Э.Токтошев, Г. Асылбаева, А.Исмаилова, Ч.Жакупова, И.Масалиев  тарабынан демилгеленген аталган мыйзам долбоорунда  “Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, жашы жетпегендер менен диний нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери менен ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылат”,- деп көрсөтүлгөн.

Уктурууга катышкан КР Өкмөтүнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомдук кеңешинин төрайымы Анаркан Касмалиева айрыкча балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан балдар-кыздардын жүрүм-турумдары, алардын жатак-мектептерди бүтүрүп чыккандан кийинки тагдыры тууралуу маалымат берди.

Адистин айтымында, билим, тарбия бере турган агартуучу-программалар маалымат каражаттары аркылуу жетиштүү деңгээлде даярдалыш  керек.  Ал эми жалпы жаштар арасындагы иштерди жүргүзүүдө КР Өкмөтүнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинге болгону бюджеттен 13 млн. сом каралат. Бул эмнеге жетет? – деген А.Касмалиева,-“Кезегинде Жаштар иштери боюнча министрликке каралган каражаттар кайда жумшалып жатканы белгисиз?” – дейт. Ошондой эле жаштар арасындагы саясатты жүргүзө турган ведомство – Билим берүү жана илим министрлиги болсо, ал эми ошол саясатты аткаруу милдети КР Өкмөтүнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт  агенттигине жүктөлгөнү –  нонсенс. Жоопкерчилик бир гана органдын колунда болушу керек. Ошондо балким, балдар үйлөрүндөгүлөрдүн интернаттарды аяктап чыккандан кийинки абалы боюнча дагы так маалымат топтолот беле? Азырынча жүргүзүлгөн статистикалык маалыматтар дээрлик жок” ,- дейт адис.

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: