Menu

Монголиядан чыга албай калган казакстандыктар Токаевден жардам сурады

Бөлүшүү:

Монголиянын Баян-Өлги аймагында калып калган бир топ казакстандык жаран президент Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жолдоп, Казакстанга алып кетүүнү сурашты. Алардын көбү коронавирус пандемиясы баштала электе Монголияга барып, кийин кайта албай калышкан.

Казакстан март айынын ортосунда – COVID-19 вирусу тараган тушта эл аралык аба жана автобус каттамдарын токтоткон.

Монголиядагы казакстандык жаран Оразай Галымбекулынын айтымында, бул өлкөдөн жүзгө чукул киши үйүнө кете албай турат. Алардын көбү Баян-Өлги аймагында, калгандары – Улан-Батордо:

– Мартта атам өлүп, бул жакка келгем. Казакстандын Акмоло облусунда кош бойлуу аялым калган. Жакында ал мөөнөтүнөн мурда төрөп койду. Ушул тапта үйүмө жете албай турам.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Монголиядагы казакстандыктар жөнүндө кабардар. Министриликтин басма сөз катчысы Айбек Смадияровдун айтымында, 22-майда Казакстандын Монголиядагы элчиси ал жактан чыга албай калган казакстандыктардан кабар алган.

Ушул тапта аларды учак же автобус менен алып келүү үчүн Монголия жана Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Монголиянын батышындагы Баян-Өлги аймагында 100 миңге чукул казак жашайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: