“Сооронбай Жээнбеков премер-министр болуп келгенде өкмөттүн структурасын өзгөрткөн. Ал учурда мен бул кадамды туура деп эсептегем. Андан бери бир жыл өттү, бирок, Айыл чарба министрлигинин структурасы өзгөрбөй ошол бойдон калууда. Айыл чарба министрлиги мурда кандай иштесе азыр да ошондой эле иштеп жатат”, – деп билдирди бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.
“Биз помидорду Россиядан ташып келе баштадык, күрүч да Краснодардан ташылат. Өкмөт кышында электрэнергиясын Казакстандан сатып алабыз деп жатат, жолдор боюнча да көп талаштар жүрүп жатат. Информациялык технологиялар боюнча Мамлекеттик комитет ачып алышты, бирок интернеттин баасы көтөрүлүп жатат. Силердин жасаган реформаларыңар ушулбу? Силер качан ойгоносуңар? Экономика сазга батып жатпайбы. Тезинен антикризистик план иштеп чыгып, ишке ашырыш керек “, – деди Бакыт Төрөбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ