Түркмөнстан менен Кытай космикалык изилдөөлөр тармагында кызматташуу мүмкүндүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү түркмөн ММКлары жазышты.
Ушул күндөрү Түркмөнстандын делегациясы Сычуань провинциясындагы Ченду шаарында ачылган Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн IV кызматташтык форумуна катышууда.
Сычуанда буга чейин жүздөгөн космос кемелери менен спутниктер учурулган Сичан космодрому жайгашкан.
Буга чейин Түркмөнстанда экинчи улуттук жасалма спутникти даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланган. Биринчи спутник былтыр 28-апрелде АКШнын Флорида штатындагы Канаверал аймагынан учурулган.
Президент Гурбангулы Бердымухамедов биринчи спутник кое берилгенден кийин анын потенциалы толук пайдаланылбай жатканы боюнча нааразылыгын айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ