Menu

Жыл башынан бери Тажикстанда 160 ишкана жабылды

Бөлүшүү:

2016-жылдын тогуз айында Тажикстандын Хатлон облусунун аймагындагы 160 кичи жана ири ишкана ишин токтотту.

Алардын жабылышынын башкы себептери катары экономикалык каатчылыктын кесепеттери, кардарлардын аздыгы жана сырьёнун жоктугу айтылууда. Расмий маалыматтарга ылайык, Хатлон облусунда 557 өнөр жай ишканасы катталган болсо, жыл башынан бери алардын 161и ишин токтотуп, 146сы өндүрүш көлөмүн азайткан.

Хатлон облустук акимчилигинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Шавкат Махмадалиев мындай көрсөткүчтөргө карабастан калган 250 ишкана өндүрүш көлөмүн 318 миллион сомониге көбөйткөндүгүн айтты.

Ал кичи пахта тазалоо ишканалары менен мурдагы ири пахта заводдору, тигүү цехтери нормалдуу режимде иштей албай калгандыктарын кошумчалады.

Расмий маалыматтар боюнча жабылган ишканалардын көбү жогорку кызматтагы аткаминерлер катышкан расмий майрамдардын алдында ачылган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: