Menu

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Былыгыбыз чыгып калбасын дешип Конституциянын өзгөрүшүнө, референдумдун болушуна каршы болуп жатышат”

Бөлүшүү:

Укук коргоочу алты жылдан бери Конституциядагы катачылыктарды айтып сотко кайрылганы үчүн куугунтук  жеп жүргөн Токтайым Үмөталиева менен Конституциянын тегерегинде баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык. Анда кеп башынан болсун. 

– Токтайым эже, эмне үчүн саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү биригип алып “Референдумга жол жок!” деген кыймыл түзүп, Конституциянын өзгөрүшүнө, референдумдун болушуна каршы чыгып жатышат?

– Конституциянын өзгөрүшүнө, референдумдун болушуна  саналуу гана саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү, “Ата Мекен” партиясы менен байланышы бар коомдук уюмдардын чакан тобу каршы чыгып жатат. Ошондой эле Өмүрбек Текебаев  баш болгон   Убактылуу өкмөттүн кылган иштери тастыкталып, бети ачылып калса кантем деп корккон 5-6 мүчөсү каршы болуп жатат. Себеби булар референдумдан кийин Конституциянын мыйзамсыз алмашылып кеткен тексттерине кол коюп, саясый көз боёмочулук кылышкан.  Тактап айтканда,  артында былыгы бар адамдар коомдук уюмдарды түзө коюшуп, Конституцияга,  референдумга каршы деген ураандар менен иш алып барып, элге жамынып   жатышат.  Былыгыбыз чыгып, эл алдында уят болуп калбайлы дешип Конституциянын өзгөрүшүнө, референдумдун болушуна каршы болгондой түр көрсөтүп  жатышат.

Бирок  бийлик иликтөө иштеринин негизинде гана референдумга жол ачып бериши керек. Себеби, мен Конституциянын тексттери алмашып кеткен деп доо коюп соттошуп жүргөндө эч ким ишенген эмес. Мени болбогон эле маселени көтөрүп, арзыбаган иш менен алек болуп жүргөндөй түшүнүшкөн. Бул маселеге убакытты өткөрүп, кеч кайрылып жатышкандыктан азыр  эки тарап тең  укуктук талаадан чыгып,  саясый тирешүү менен алек болуп,  опурталдуу жагдайга багыт алып бара жатышат.

– Конституциялык палатанын эки ача пикир жараткан карама-каршылыкты жараткан чечимдери тууралуу нелерди айта аласыз? Алардын чечими акыркы чечим деп референдум жасай берсек болобу?

– Биринчиден, референдумга жетиш үчүн укуктук талаага келе турган чечим кабыл алышыбыз керек. Анткени  бийлик ишенген Конституциялык палата  чырылдаганыма карабай бири-бирине каршы келген чечим чыгарып койду. Бул чечим саясый тирешти көбөйтөт. Себеби, мен эки жолу Конституциялык палатанын сотуна кайрылганда бүгүнкү төрага Мамыров баш болгон соттордун  тобу 2020-жылга чейин чектеген Конституцияны ишке киргизүү мыйзамы  менен Конституция бөлүнгүс бирдикте жана өзгөртүүгө жол бербейт деп   2014-жылы чечим чыгарып беришкен. Кайта ошол эле Мамыров баштаган соттордун тобу  Өскөновдон башкасы Конституцияны өзгөртүүгө болот деп мага чыгарып берген чечимине карама-каршы келген чечим чыгарышты. Алардын ача пикир жараткан  иши үчүн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп,  эки жүздүү чечимге кол койгондорду  отставкага кетириши керек.

– Сиз сындап, калпыстыктарга жол берилген деп сотко кайрылып жүргөн Конституцияны алмаштырыш керекпи?

– Албетте, карма-каршылыктарга жол берген Конституцияны өзгөртүү зарыл. Себеби, Конституциянын ичиндеги карама-каршылыктар мамлекеттин келечегине балта чаап жатат. Беш-алты хан үй-бүлөлөрү менен  мамлекетти  таламайга алып жатышат.  Андайга жол бербеш үчүн туруктуу аткаруу бийлигин түзүп,  Конституциядагы жоопкерчиликти бийликтин бир тармагына берип,   кепил болосуң дешибиз керек. Бардык иштер  толук мыйзамдык талаада ишке ашырыш үчүн  2020-жылга чейин Конституция  өзгөрбөсүн деген түйүндү туура чечишибиз керек. Ошондон кийин референдум өткөрүү жолун тандасак болот.

– 2010-жылы жазылган Конституциянын катачылыгын айтып, куугунтук жеп жүргөнүңүздү билебиз. Конституциянын 6 вариантын тааптырсыз, анын кайсынысын негиз катары колдонуп жатабыз?

– Конституциянын кемчилигин айтам деп  алты жыл куугунтукта жүрдүм. Ошондой болсо да  соттук иликтөө иштеринин негизинде  Конституциянын  6  вариантта жазылган текстин таптым. Алардын кайсынысын негиз катары карарын парламент аныкташ керек. Табылган 6 вариантты Конституциялык палатага экспертизага берип, алар чечим чыгарып, экспертиза жүргүзгөндөн кийин гана  өзгөртүүгө багыт алсак болмок. Маселен, 6-июлда чыккан референдумдун жыйынтыгы боюнча “Эркин-Тоо” гезитинде  жарык көргөн вариант менен референдумдун алында чыккан вариантынын айырмасы асман менен жердей. Айтайын дегеним, ал жерде Конституциянын гаранты жоопкерчиликтүү өкүлү жок, аткаруучу бийликтин структурасы ар бир премьер кеткенде өзгөрөт деген түшүнүк жок. Президент үч күндүк мөөнөттө  документтерди карап чыккандан кийин парламентте  жактырылганына карабай эле премьер менен өкмөттү  түздөн -түз шайлайт. Коалициялык келишим деген аткаруучу бийликке тиешеси жок. Ага карабай президенттин ыйгарымдуу укуктарын парламент жалгыз Текебаевге ишенип 5 жолу премьерлерди алмаштырып министрликтерди талкалады. Себеби, башаламандыкта бийлик бутуна тура албайт. Саясый көз боемочулук менен   башкарып элдин байлыгын тоногонго жол ачышты. Билимсиз депутаттар ага ишенип элдин шайлоосунан өткөн шайлоо Кодексин референдумсуз жоюп таштап, карама-каршы келген  шайлоо мыйзамын кабыл алышты. Балык башынан сасыйт дегендей,  баары былгып кыска мөөнөттө 6 миллиарддын тегерегинде карызга баттык.

– Конституцияны сабаты жок адамдар жазып, ашмалтайын чыгарып салды. Эми ката, карама-каршылыктары көп Конституцияны кабыл алабызбы?

– Тилекке каршы, Конституцияны жазгандар  конституцияналисттер эмес. Алардын бирөөсү да Конституциялык  сотко бир да жолу кайрылуу  берип,  Конституцияны кантип жазып,  макетти кандай түзүш керектиги менен тааныш  эмес адамдар. Ошондой адамдардын Конституция жазганы  конституциялык  тамга тааныган инсандардын нааразычылыктарын туудурууда. Мисалга айтсак, 24-беренедеги кеңири берилген түшүнүктү  жарандык кодексте келишим түшүнүгүнө байлап коюп жатышат. Бир топ  жерлеринде байланыштар жок. Текебаев өз кызыкчылыгына карап кандай чампаласа тилекке каршы, сабаты жок адамдар Конституция жазып,  бийликти  да ошондой ишке түртүп  жатышат.

– Өзгөрүлчү  Конституция Кыргызстанга пайдасы чоңбу же мурунку Конституция менен жашай бергенибиз оңбу?

– Дагы айтып кетем, эгерде мыкты конституционщиктер иштеп мыйзамдык каркасын туура түзсө, ар бир чечим укуктук талаада саясый күчтөрдүн эмес жалпы элдин, мамлекеттүүлүктүн кызыкчылыгында   кабыл алынса  баа жеткис  болуп, мезгил талабына жооп берет.

– Жаңы Конституцияда бийлик бир колго топтолуп калганбы?

– Оппозиция койгон андай дооматтан алыс, бирок кээ бир жеринде оркойгон катачылыктар бар.

– Токтайым эже, Конституцияны коргоп калуу боюнча жыйынды бузууга аракет кылдыңыз, ошол аракетиңиз үчүн сизди чагымчыл дегендер да болду го. Буга кандай жооп кайтарасыз?

– Алардын жыйынына тоскоолдук  кылуу  оюмда деле жок болчу. Чет өлкөлүк достор келип “Ак кемеде” жайгашып калыптыр. Аларга барсам,   мени да  жыйынга кирсеңиз, катышып кетсеңиз,  кечээ сизди  Текебаев чоң жыйында  көзү сокур, бүкүрөйгөн,  колу-буту мунжу ветеран менен салыштырганын бүгүн улантканы жатат дешти. Жыйынга кирсем   Текебаевдин жанында отурган  Мавлян Аскарбеков  орун берди. Модераторго записка жиберип, өз пикиримди билдирейин деп сурандым. Текебаевге 15 минут берди. Ал ойду-тоону оттоп, мени кээ бир сөздөрүнө кыпчып кетип жатты. Андан кийин мен трибунага чыгып  7-апрелде   түрмөдөн  “Токтайым ветерандын” элди башкаруусу менен бошотулуп аянтка келгенде  бир сөз айталбай тилиң буулган. Анда  бүкүр ветеран керек эле, бүгүн анын кереги жок болуп калдыбы  деген маселени көтөрдүм. Кишинин артынан ушакчылар гана сүйлөйт. Кел бетме-бет сүйлөшөлү десем, мен берген суроолорго нес болуп жооп бере албай калды. Ошондой эле элди алдап коргомуш болуп жаткан Конституциянын   баштапкы мыйзамдары  кайда дедим дагы,  мародёрчулук жана Конституциянын тексттеринин алмашканы боюна түз эфирге чакырдым. Колумда соттун негизинде чогулган 6 жылдык  материалдар бар экенин да айттым. Максим Бакиевдин досу Дибиров деген чечен жигитти 2010-жылдын 14-апрелинде кабыл алып, мамлекеттин байлыктарын 8 миллиард долларга  кепилдикке койгонго макулдук катын жазып бергенин, ал адамга  майдын башында  мамлекеттик доверенность бердиргенин эсине салдым. Кен байлыктарды эл аралык конвенциянын  тоскоолдуктарынан чыгарып,   кыргыздын кендерин, Кумтөрдүн алтындарын,  Кызыл-Кыя көмүр кендерин дагы бир топ байлыктарды  Ысык-Көлдүн 45 миң гектар жерин күрөөгө  берүүнү көздөп,  Конституциянын  орус тилиндегисинен  “природный, животный и растительный мир исключительная” деген сөздөрдү алдырып, алмаштырып  таштаганын айттым. Ошондой эле Текебаевдин бул аракети  Кыргызстанды кыйынчылыкка кептеп, ХИПИКке киргизүүнүн аракети болгонуна токтолдум. Жана да коалициялык келишим жөнүндө Конституцияда  бир сапта жок  бийликти мыйзамсыз алмаштырып,  5 жылда 6 жолу төңкөрүш жасаганын  белгиледим.

Анткени Текебаев  президенттикке өтпөй каларын билген соң “Эркин-Тоого” чыккан Конституцияны жок кылыш үчүн  ПРООНдо иштеген тааныш кыз-келиндер аркылуу алынган акчага чоң тиражды чыгарып, “Эркин-Тоонун” үлгүлөрүн жоготтурууга аракет кылган. Конституцияны чыгаргандан калган акчага  Бакиев Максимдин  “Витязь” пансионатындагы   резиденцияга бир жума Дүйшөбаев, Каптагаев болуп ПРООНдун эсебинен эс алышкан.  Текебаевдин  тегерегиндегилердин баары эле бир топ  жылдан бери  түшпөс хан болуп жүрөт, бул  мыйзамды тааныйт деп эле ал не десе ошого макул болуп жүрө беришет. Анткени өздөрү изденгенден эринет.  Текебаев болсо мансап топтош үчүн ар кайсы сырткы күчтөр үчүн бир топ мыйзамдарды талкалап терип, алмаштырып көнүп калган, орусча айтканда, уурулугу кармалбай жүрүп  дартка айланган.

– Текебаев  Ниязов катышкан  жыйында “бийликтин ишенгени жалгыз Токтайым болсо, анда алардын иши бүткөн экен да” деди. Чын эле сиз бийликтин камчысын чаап, бийликтин оппоненттерине ыңгайсыз жагдай жаратуунун аракети менен алек болуп калдыңызбы?

– Мен бийликтин камчысын мындан мыкты шарттарда да чапкан эмесмин. Чаппайм дагы. Бийликтин камчысын чаап, бийликтин адвокатына айлансам эбак эле бийликке бармакмын. Элге жаман көрсөтүш үчүн Текебаев мени каралоо максатында бийликтин Токтайымдан башка ишенери калган жок деген ойду кыйытып жатат. Антип кырчаңгыланыштын кажети жок.  Азыркы айтканы  жөнөкөй гана бет тырмамайы. Азыркы иши  эри менен мушташа кетип  үйүнөн чыгып кетип, кайра үйүнө кантип кирерин билбей  эрине ар кимди таңуулаган   ары жок айымдар кыла турган ишке барабар нерсе болуп жатат.

– Бир мезгилде сиз сындап жүргөн Текебаев менен бир командада элеңиз. Бири-бириңерге ор казып,  каршы болуп калышыңарга эмне себеп болгон?

– Мен бийликтин эмес, Өмүрбек Текебаевдин камчысын абдан чаптым. Атамбаевге ошондой чаап берсем бүгүн төрдө отурмакмын. Тилекке каршы, Сариев, Текебаев, Каптагаев, Дүйшөбаев, ошол эле Роза эжеме кетирген эмгектериме, каражатыма жана да короткон алтын убактыма ичим ачышат. Адамды билиш үчүн бир кап туз жеш керек деген сөз чын экен. Текебаев экөөбүз КГНУда окуп жүргөндө тааныштык. Ал кыргыз группада, мен орус группада болдум. Өзү бизден бир топ улуу, анан эмнегедир үн-сөзү жок дайыма ак, мурду учтуу туфлилерди кийген жигит эле. Кийин жакшы келинчектүү болуп, кара кыздын агынан эмес багынан дегендей, жакшы жерден кайын журт күтүп, биринчи президенттин тегерегиндеги айымдардын жардамы менен, өзгөчө Максим Бакиевдин кайын энеси аркылуу  Майрам эжеге жакындап, биз физиктер түптөгөн  “Ата Мекен” партиясын  башына ар кандай интрига менен жетти. 2010-жылга чейин мен ак дилимден жардам бердим. Ошол  жүрөктөн кан төгүлүп турган кезде Конституцияны өзү каалагандай калчап алмаштыруу жолуна кеткенин көргөн соң мен ачык айтым, азыркы ишти  кылсаң экөөбүз эки башка жол менен кетебиз деп. Ал мага “Ата Мекенге” экинчи болуп кир деп кайрылды. Мен депутат болбосом да  ыраазымын, кыйналган  элди көрүп туруп кантип мындай бетсиздикке барасың деп ачык айтып, Конституциянын өзгөрткөн тексттериңди  талкуулатпай алып кетип жатасың, аны чыгарсаң экөөбүз ушул бойдон  карама-каршы жакка кетебиз дедим. Айтканыдай эле “Эркин-Тоодон”  биз карабаган текст жарык көрдү. Ошол күндөн баштап куугунтукка кабылдым.

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: