Menu

Прокурор Р.Нурбековго козголгон кылмыш ишинде эмне сыр бар?

Бөлүшүү:

Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбековго “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалган. “Медалдын эки бети бар” дегендей, бул жагынан бизге жеткен маалыматтар менен да бөлүшүп койсок кантет?.. Башта Руслан Нурбеков УКМКнын эки кызматкерине кылмыш ишин козготкону, Таш-Мойноктун айыл өкмөтү Ракишевдин үстүнөн да алдамчылык жана жерди мыйзамсыз трансформациялоодо үч иш боюнча айыптаганы айтылган. О.э. Карганбек Самаковдун мыйзамсыз 42 жер участогун таап чыкканы, Ахматбек Келдибековдун сотунда мамлекеттик айыптоочу катары кызматын так аткарганын эшиткенбиз. Прокуратура жетекчилигинде адилеттүүлүктү тутунуп, элге ак кызмат кылып келгенине ишеним чоң болчу. Мына ушундай резонанстуу иштерди аткарып келген кадрга жок жерден “пара талап кылды” деген жалаа жабылып аткан жокпу? Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Ракишевге үч кылмыш иши Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан козголуп атса, кызыгы, кайра ошол кишиден Р.Нурбеков акча алмак беле? Логика кайда? Балким прокурордун жакындарына Ракишев акча берүүгө далалат кылып жүрбөсүн? Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Р.Нурбековдун кабинетине бир айдай тыңшоочу аппарат коюлуп, бирок тыңгылыктуу фактылар топтолбогону каңкууланат. Бул иш боюнча тергөө жоопкерчилиги жагынан УКМК конкреттүү фактыларды ачыктай элек. Кандайдыр бир өч алуу, же бир карасанатайлык катары куугунтук жүрүп жаткан жокпу? Албетте, бул суроо. Эгер тиешелүү органдар маалымат берсе, гезит үчүн да маанилүү болот эле…

Эрмек БАЙКАБЫЛОВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: