Menu

Депутат Кубанычбек Жумалиевдин Кыргызстандан чыгуусуна тыюу салынды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу журналисттерге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан катталган, Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, ушул жылдын май айынын башында Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевди мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө мыйзамсыз байып кетти деп айыптаган. Депутат Руслан Казакбаев парламент жыйынында “Чоң Казат” кыймылынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө маселе көтөрүп, УКМКнын төрагасы Опумбаевге кайрылды. Мындан тышкары, Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн.

Бирок Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги экспертиза жүргүзүп, анын сөздөрүнөн зомбулукка жана массалык иш-аракеттерге чакырык тапкан. Натыйжада Жапыкеев 10 миң сом айып пул төлөөгө аргасыз болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: