Ошто унаа сүзүп кеткен 9 жаштагы кыздын абалы оор. Бул тууралуу маалымат Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкталды.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрда саат 9:40 чамасында А.Шакиров көчөсүндөгү ири гипермаркеттин жанында 9 жаштагы кызды сүзүп кетишкен. “Daewoo Nexia” автоунаасы менен 1999-жылы туулган айдоочу Ф.И., Шакиров көчөсү менен түндүктөн түштүккө карай кетип бара жатып, жолду кесип өтүп бара жаткан 2011-жылы туулган У.А.ны сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу аймактар аралык биргелешкен клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген.
Бул кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Аталган медициналык мекеменин травматология бөлүмүнүн башчысы Мамата Мамазаит уулунун айтымында, кыздын абалы оор.
«Унаа анын бутунан өтүп кетти. Ага ишемби күнү операция жасалган», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ