Башкы прокуратура өткөн жылы жер мыйзамдарын бузуу боюнча козголгон кылмыш ишине 423 киши тартип, 45 кызмат адамы административдик жоопко тартылганын маалымдады. Маалыматка ылайык, баасы 3 млрд. 800 млн. сомдон ашык сумманы түзгөн, жалпы аянты 629 гектар 156 жер тилке мамлекетке кайтарылган.
Кыргызстанда айрыкча Чүй облусунда турак жай куруу үчүн тилкелерди жең ичинен бөлүштүрүүнүн кесепетинен жер талаштын аягы азыркыга чейин басылбай келүүдө. Мындай кылмыш иштеринде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурунку айрым депутаттарынын аттары да аталган. Учурда миңдеген үй-бүлө “Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышын күтүп келатат. Бул мыйзам кабыл алынмайынча алардын жашаган турак жайлары мыйзамсыз жер тилкелерине курулган болуп эсептелет.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ