Menu

Бакыт Төрөбаевдин саясаттагы “көзүрү” не?

Бөлүшүү:

Кийинки жылдагы президенттик шайлоо курч мүнөздө өтө турганы эмитен эле байкалып калды. Биз мурдагы сандарыбызда башка талапкерлердин канчалык деңгээлде шанстары бар экени боюнча ой жүгүрткөнбүз. Бу саам дагы ал багытыбыздан жанбай, бүйүр кызыткан кептен ортого таштайлы.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев акыркы убактарда позициясын ачык айтуудан тартынбай, бараандуу саясатчы катары көзгө көрүнө баштады. Бийлик коалициясынын ичинде туруп, мурда спикерликке альтернативалуу түрдө атсалышса, соңку убакта Конституциянын өзгөрүшүнө өзүнүн каршы пикирин билдирген. Төрөбаев негизинен өзүнүн саясый имиджин, партиясынын кызыкчылыгын алдыңкы планга коюп келет. Ошого катар акырындык менен командасын чыңдоого да жан үрөөдө. Негизи адамдарды өзүнө тартуу, ынандыруу дагы талант эмеспи. Бу жигитте тил табышуу жагынан да мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. Ал эми эл менен иштөө багыты системалуу жолго түшкөнүн билебиз.

Төрөбаев президенттик шайлоого азыр чыга турганын айтпаса да, жүрөгүнүн түпкүрүндө башкы план катары сактоодо. Буга чейин Кыргызстандын баардык региондорунан добуш алууга аракетин көрсөткөн. Барган сайын калың катмарга таанылып келатат. Өзгөчө Жалал-Абад облусунда электораты арбын. А жетиштүү добуштарды топтоо үчүн региондордогу лидерлер менен иштешүү мезгилдин талабы. Албетте, кемчиликтери көп эле дечи. Бу саам алардын баарын санап отурбай эле Төрөбаевдин жаштыгы анын алсыздыгы экенин билдирсек болот. Кырктан жаңы ашкан жигит чоң саясатта толук кандуу такшала элек экенин эстейли. Мейли, мурда министр, бир канча ирет депутат болсо дагы, саясый күрөштө ар кандай ыкмалар бар эмеспи. Кокустан омурткасы омурулуп кетсечи? Себеби, соңку убакта жогорку бийликтин бутагында отургандар Бакыт мырзаны жактырышпай, анын саясаттагы эр жүрөктүүлүгүнө, айтканын бербеген өжөрлүгүнө жиндери келишкени жашыруун эмес. Учурда “Өнүгүү-Прогресс” лидеринин тракторлору, кылган бизнеси иликтөөгө алына баштаптыр. Аягы кандай бүтөт белгисиз. Же жең ичинен сүйлөшүүгө барышабы?..

Баса, Бакыт мырзанын дагы бир “колундагы картасы” сырттагы ар кандай күчтөрдү ишендирип, шайлоого сарптай турган чоң каражат таба ала турганында. Мындай шанс бардык эле саясатчылардын колунан келе бербейт. Кызыгы, чоң суммадагы акчаны кайдан алат? Кеп мына ушунда. Убагы келгенде ушул жагы коомчулуктун бүйүрүн кызытышы ажеп эмес. Дагы башка секреттери бар…

Ошентип, президенттик шайлоого бир жылдай убакыт калды. Эске салсак, буга чейин түштүктүк салмактуу саясатчылар оюндан чыккандай болгон. Маселен, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев соттун укуругунда калышса, Мелис Мырзакматов куугунтук жеп, өлкөдөн сырт жүрөт. Элмурза Сатыбалдиев адилетсиздиктин айынан түрмөдө жатат. Улугбек Ормоновго кысымдар эми башталууда. Ал эми Адахан Мадумаров аламан байгеге катышканы менен акчасы же командасы жок, аксап калышы турган иш. Алтынбек Сулаймановдун хан такты үчүн күрөшүүгө амбициясы жок экен. Ток этери, түштүк тыңчыкмаларынын ичинен сыдыргыга салып келип, учур талабына жараша Бакыт Төрөбаевдин доору жакындап калганы, тарыхый шарт аны астыга түртүп атканын байкадык. Сыягы, саясаттан аксап турган түштүк тыңчыкмалары Төрөбаевди аргасыздан колдоого алышса, а түндүк региондон электораты бар фигураларды тартуу оңойго эле турат. Себеби, бу жигиттин репутациясы түзүк. Эмесе, колго коно турган кушка астейдил мамиле кылышы керек…

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: