Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда экс-генпрокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча териштирүү иши уланды.
Тергөө иши башталганга чейин жабыркаган тараптын туугандары айыпталуучуну видеого тартып алуу аракетин көргөн. Бирок, судья Марат Сыдыков видеожаздырууну бир гана тергөө ишин тартууга уруксат бергенин билдирди.
Отурумда чыр чыгып, сот жабырлануучу тараптан бирөөнү сыртка чыгарып салууну суранган. Бирок, ал соттун чечимине баш ийбей, залдан чыгуудан баш тарткан.
Эске салсак, Улан Саляновду 2017-жылдын 5-ноябрында белгисиз бирөөлөр өлтүрүп, из жашырып кетишкен. Кылмышкерлер анын үйүнөн эч нерсе алышкан эмес. Ал эми шектүү 2017-жылы декабрдын аягында кармалган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгону маалым болгон жана ал Москвада из жашырып жүрүп, Бишкекке 2019-жылдын май айында алынып келинген.
13-январда болгон соттук отурумда айыпталуучулар жогорку даражалуу чиновниктердин ысымдарын айтууга даяр экендиктерин билдиришти. Бирок азырынча алар айтыша элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ