«Көрөгөч Мамыттын бизге жеткиргенине Караганда бир аз күн мурун Алмаз Атамбаевдин оң колу Икрам Илмиянов менен сол колу Эркин Мамбеталиев кагыша кетишип, албетте олбурлуу келген Мамбеталиев эски досу Икрам Илмияновду бир аз “төпөштөп” коюптур, жаңжал экономикалык себептерден улам чыгып, бизнес “разборка” болгону айтылууда» -деп kyrgyztoday.kg маалымат сайты жазып чыккан эле. Бул маалыматтын чындыгы бардай. Учурда Мамбеталиев менен Икрамдын ортосунда айыгышкан күрөш башталыптыр. Эки дөөнүн чабышы эмнеге алып келээрин көрө жатаарбыз. Негизгиси Атамбаевге эле зыяны тийбесе болду. Негизи Президент ИИМдеги «крысаларды» эмес, айланасындагы «крысаларды» тазаласа жакшы болоор эле. Эркин менен Икрамдын ортосуна от жаккандар да ошол «крысалары» болушу мүмкүн.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ