Menu

Атамбаев болбосо, УӨ мүчөлөрү элдин канын сормок!

Бөлүшүү:

“Аңгектен качсаң дөңгөккө” деген түшүнүк эмне себептен айтылып калган элде? Ушул суроо мени көптөн бери кыйнап жүрдү эле. Көрсө, анын “терең сыры” турмуш дайрасынын үстүндө калкып жүргөн чамындылардын чамындысы – кадимки эле карайган карагай дөңгөч экен да, Кудая тобо! Дайра суусу жай аккан жерде чамындыларды тегерегине жыйып алып, шар аккан жерде оңду-солду урунуп, дайранын жээгин жырып салып, акыры, олдоксондугунан оңкосунан кетип, бир баткак жерге тыгылып, акыры чирип жок болот экен да…

 Буга күбө катары өткөн 8-октябрдагы чамындылардын жыйынын алсак туура боло тургандай. Баягы “Уурусу күч болсо ээси доога жыгылат” болуп, алардын лидери актануу иретинде айтканын уксак: “Идеалдуу документ болбойт” экен бул турмушта. “Ал тарыхый кырдаалга жараша, улуттук кырдаалга жараша өзгөрүп турат” экен. Бирок, “ал өзгөрүүнү кимдер жасайт, кандай максатта жасайт, кандай жол менен жасайт – мына ушул суроо гана абдан маанилүү экен” алар үчүн.

Эмесе, чогуу карап көрөлү:

  1. “Ал өзгөрүүнү кимдер жасайт жана кандай максатта?” деген суроого өзү мындай деп жооп берет: “Атамбаев тарых алдында, Кылмыш кодексинин алдында жооп бербеш үчүн Конституцияны өзүнө ылайыктап өзгөртүп жатат. Эмне, биздин келечекти Фарид аныктасын, Икрам аныктасын деп биз революциядан революцияга көтөрүлүп отурабызбы?” деген суроону кабыргасынан коюптур.

Бул суроого жооп бериш үчүн биринчи иретте тактап алалы:

–  Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына шек келтирген 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституцияны Атамбаев жазды беле же Текебаев жазды беле?

– Кыргыз элинин келечегин Кыргыз мамлекетинин Жогорку Кеңешинин депутаттары аныктайбы же президенттин аппаратыбы?

  1. “Кандай жол менен жасайт?” деген суроого жооп жок. Анын ордуна: “Биздин келечек өзүбүздүн колдо болуш керек, элдин колунда болуш керек. Мына, элдин эң алдыңкы прогрессивдүү авангард бөлүгү мына ушул жерде отурат” деген терең реверанс менен залга кайрылыптыр.

Анын бул кайрылуусуна жооп берүү иретинде айта кетели:

– Ырас, кыргыз элинин келечеги элдин колунда экендиги талашсыз факт. Бирок, экс-депутат Асия Сасыкбаева жактаган “Биз Кыргызстандын саясый элитасыбыз” деп мактанышып, ошол эле убакта ар кандай чагымчыл жана кылмыш иштери менен алектенишип, революциядан революцияга чейин көтөрүлүп, мародерчулук жана талап-тоноочулук менен элдин эсебинен жашоону өнөкөт кылып алышкан жана ушул жерде отурган “саясый элитанын” колунда эмес да!..

  1. Акыр аягында, айласы кеткенде, мыйзам ченемдүү бийликке каршы ачык эле чакырык менен кайрылып: “Мен ойлойм, урматтуу мекендештер, биз ынтымактуу болсок, сиздер бекем болсоңуздар, биз Атамбаевди токтото алабыз!” дептир.

Албетте, бул чакырык бийликке карата уюштурулган саясый шантаждын акыркы агониясы катары эсептөөгө толук юридикалык негиз бар. Эми ал иш – укук коргоо органдарынын иши да. Биздин максат болсо башка, б.а. Батыш цивилизациясынын  ириген баалуулуктарынын негизинде түзүлгөн Башмыйзамды өз убагында токтотуп, кылым карыткан кыргыз элинин РУХИЙ баалуулуктарын өз убагында киргизип, Кыргыз мамлекетинин чыныгы эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сактап калуу.

Эмесе, “Референдумга жол жок” кыймылынын лидери тарабынан коюлган үч суроого жооп издеп көрөлү.

Жаңы тарыхка кайрылсак

 Мындан чейрек кылым мурда эле Улуу Совет империясы кыйрап жаткан учурдан пайдаланып, АКШнын мамлекеттик коопсуздук департаменти (Мамдеп) тарабынан пландаштырылган “Борбордук Азия элдерин бөлүштүрүү” долбоору ишин баштаган. Бул иш өзгөчө Акаевдин убагында каалагандай ийгиликтерге жетише алды. Анткени ары жок Акаевдин “Демократия аралчасы – жалпыбыздын үйүбүз” деген ураанын ишке ашыруу иретинде Кыргыз мамлекети бир-эки жылдын ичинде эле Кудайдан жөө качкан авантюрист жөөттөр менен саясый шылуундардын, ууру-кески менен каракчылардын, диний экстремисттер менен чыккынчы бейөкмөт уюмдарынын мекенине айланды.

Акыры Акаев Сэм байкесин көзүнө илбей, өтө эле аша чаап кеткенин эскерип: “Шайтандай болуп Янг Стивен деген шүмшүк пайда боло калып, чыккынчы Роза Отунбаева аркылуу оппозицияны тукуруп, менин өмүрүмө жана үй-бүлөмө коркунуч жаратканда мамрезиденциядан вертолет менен учуп чыгып, араң кутулбадымбы” дейт.

Каракчы Бакиев болсо “Мен революцияны автомат менен коргоп алууга күчүм жетет” деп отуруп, акыры элин кыргынга учуратып качып чыкты.

Мамдептин жылдыздуу сааты

 Ооба, апрель революциясынан кийинки убакыт Мамдеп үчүн жылдыздуу сааттын убагы эле: а) алдыда Ош сепаратистеринин көтөрүлүшү, б) анын шылтоосу менен мамлекетти парламенттик башкаруу системасына өткөрүү, в) аны мыйзамдаштырыш үчүн референдум аркылуу жаңы Конституцияны кабыл алуу, г) жаңы шайланган парламент аркылуу келечекте Кыргызстан конфедеренциясын (Швейцария конфедеренциясына окшотуп) түзүү боюнча керектүү мыйзамдарды кабыл алуу.

Албетте, мунун баары Мамдептин ишенимдүү агенти Роза Исаковна аркылуу өз убагында этап-этабы менен ишке ашырылмак. Ошол себептен Убактылуу өкмөт Мамдептин сунушу боюнча жаңы Конституцияны Европалык өлкөлөр үчүн түзүлгөн Венециялык уюмдун вариантын кабыл алышкан. Аны ишке ашыруу, албетте, Убатылуу өкмөттүн ашынган юристи – Текебаев мырзага тапшырылган.

Эми урматтуу окурман, бир мүнөткө элестетип көрүңүз – Мамдептин долбоору ишке ашкан күндө бүгүнкү Кыргызстан кандай абалда болмок: а) Ош, Жалал Абад облустары өзбектешкен кантон, б) Баткен облусу тажиктешкен кантон, в) Нарын облусу кытайлашкан кантон, г) Ысык Көл, Чүй облустары орусташкан кантон жана д) Талас облусу – казакташкан кантон болуп, ар бир кантондо конфодеранттар Кадыржан Батыровдун, Азимбек Бекназаровдун, Өмүрбек Текебаевдин, Роза Отунбаеванын, Темир Сариевдин ж.б. УӨ мүчөлөрүнүн жээк-жааттары ээлик кылып, элдин канын, жанын соруп, аталган Конфедерация мүчөлөрү аркылуу океандын ары жагындагы Сэм байке менен анын жөөт достору жалпы кыргыз элинин канын, жанын соруп, жыргап жата беришмек…

Тфу, тфу, тфу!.. Кудай анын бетин ары кылсын.

Роза айымдын катасы

 Ооба, бул жагынан алганда УӨнүн жетекчиси РИО айым абдан чоң ката кетирди жана АКШнын Мамдепи тарабынан берилген “Каарман аял” сыйлыгын актай алган жок. Анткени ал киши өзүнүн мураскерлерине абсолюттук түрдө ишенген “Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү менин сөзүмдү эки кылбастан аягына чейин туруп беришет” деп.

Улуу Манас атанын батасы

 Бирок, Кудайга тобо, турмуш өзү көрсөткөндөй, иш жүзүндө андай болгон жок. Билбейм, эмне себептен. Балким, бирөөнө жаманчылыгы жок, кең пейил, момун кыргыз элибизди Улуу Манас атабыздын арбагы колдодубу же болбосо дагы бир биз билбеген ишаарат болдубу, айтор, ошол күнү, 2011-жылдын 31-августунда, эртең мененки саат 7ден 20 мүнөт өтүп, жаңыдан чыккан күн бир аз көтөрүлүп калган убакта аппак булуттар менен чийилген Сатурн планетасынын формасы пайда болуп, анын сол жагында үч бурчтук, оң жагында эллипс жанып турду. Арадан 4-5 мүнөт өткөндө ак булуттар бири-бири менен кошулушуп, бир чоң эллипс формасына айланып туруп, бир аздан кийин суюлуп тарап кетти (сүрөттө көрсөтүлгөндөй).

Андан эки жарым саат өткөндөн кийин Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнө карата Айкөл Манас атабыздын эстелигин ачуу аземи болуп жаткан учурда кайдан-жайдан келгени белгисиз, чоң канаттуу куштардын тобу Манас атабыздын эстелигинин үстүндө пайда болушуп, Манастын кылычынын учуна илинип калган жабдууну канаттары менен серпип түшүрүшүп, дагы бир-эки айланып турушуп, анан тоону карай учуп кетишкени – ошол күнү аянтка чогулган бишкектиктердин жана коноктордун эсинде.

Билбейм, бул эмне, жышаанбы же дагы бир башка эскертүү насаатыбы – айтор, ошол күндөн баштап Кыргызстанда, элибизде, жерибизде көп жаңы жана жакшы иштер пайда боло баштады.

Атамбаевдин ак эмгеги

 Эң негизгиси – андан бери өткөн беш жылдын ичинде Кыргыз мамлекетинин президенти Алмазбек Атамбаев өзүн туруктуу, токтоо, так, кайраттуу жана кыргыз элин сыйлаган, кыргыз жерин сүйгөн патриот инсан катары көрсөтө алды. Муну азыр кыргыз эли менен бирге жакын кошуналарыбыз, алыс туугандарыбыз жана душмандарыбыз да жакшы билишет. Бир гана күйпөлөктөгөн ички интригандарыбыз гана билгиси да, уккусу да келишпейт. Анткени алардын башка айласы жок да. Анда алар мындан ары эмне иш кылып оокат кылышат? Билбейм.

Текебаевдин шансы

 Белгилүү француз жазуучусу, ойчул-илимпоз, коомдук ишмер Бернар Фонтенель мырза айтыптыр: “Баардык эле адамдар жаңылышат, бирок улуу даражалуу адамдар гана жаңылганын моюнга алып, кечирим сураганга батынышат” деп.

Анын сыңарындай, Кыргыз мамлкетинин эгемендүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына шек келтирген Башмыйзамдын кемчиликтерин моюнга алып, эгер ошол эмгегинин чыныгы автору болсо, кыргыз элинин астында кечирим суроого Текебаев мырзанын адамгерчилик сапаты жол берет болду бекен?

Ай, ким билет. Анүчүн менимче, адамдын адамгерчилик сапаты менен бирге анын белгилүү деңгээлдеги инсандык даражасы дагы болуш керек го.

Резюме – притча

Эл айтса, бекер айтпайт эмеспи: “Эшекти отко айдаса – бокко басат” дейт  кыргызда. “Нельзя сорить в общественных местах! – десе, – А, я буду! – дейт оруста.

Саламым менен Карыбай ТУРУСБЕКОВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: