2017-жылдын 1-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 04:00 чамасында Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып кетишкен соттолуучуларды кармоого багытталган “Сирена” планынын негизинде ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Чүй облусунун Москва районунун Спартак айылынын жанынан Чүй ОИИББнин кызматкерлери төртүнчү качкынды кармашкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
23.09.1989-жылы туулган Жанботоев Кайрат Байызбекович, Чүй облусунун тургуну. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде камакка алынган.
Бүгүнкү күнү Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып кетишкен төрт качкын кармалды.
Убактылуу кармоочу жайда катталган факты боюнча прокуратура эки милиция кызматкерине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ