Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана бөгөт кою максатында милиция жана түндүк бажы кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен иш-чаралары өтүүдө. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
29-ноябрь күнү КР ИИМнин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча кызматкерлери жана Түндүк бажы кызматынын кинологдору Түп районунун Михайловка айылында ыкчам-иликтөө иштерин өткөрүштү. Ушундай иш-чаранын негизинде 40-жаштагы жергиликтүү тургуну А. Нурдинди өздүк кароо жүргүзүү мезгилинде, колунда көтөрүп жүргөн пакетинин ичинен 520 грамм салмактагы гашиш баңгизаты табылып алынды.
Кармалган адамдын өздүгүн аныктоодо, ал мурда каракчылык кылмышын жасагандыгы үчүн соттолгондугу белгилүү болгон. Аныкталган баңгикылмышы боюнча Түп РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ