Бүгүнкү күндө саясат айдыңында “чукушмай” драмасы күч алып бара жаткандай. Өмүрбек Текебаев “чукумай” оюнун баштап коюп акырындык менен четтеп жаткандай. Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева атайы пресс-конференция өткөрүп агынан жарылды. “Мени куугунтуктайбы, мени атып салышабы, июнь айында болгон коогалаң боюнча чындыкты айтам. Мен оштукмун, мен кара-суулукмун. Эң биринчи, мен энемин, мен аялмын. Мен бул нерсе менен жашай албаймын. Канчалаган күнөөсүз адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Алардын арасында менин дагы туугандарым болгон!” деп катуу сүйлөдү экс-депутат.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ