АКШ Казына башчысы 24-майда Иранга карата санкцияларды кеңейтүү каралып жатканын билдирди. Анын алкагында Тегеранга учак сатуу боюнча Boeing менен Airbus компанияларына берилген лицензия дагы кайра каралышы мүмкүн.
Конгресс комитетинде сөз сүйлөп жатып, казына башчысы Стив Мнучин Иран, Сирия, Түндүк Кореяга кошумча санкцияларды киргизүү үчүн мекеме болгон аракетин жумшай турганын айтты. “Бул өтө олуттуу тема жана мен муну президент менен талкуулап жатам”, -деди ал. Мнучин Трамптын администрациясы санкциялардын эффективдүүлүгүнө ынанып жатканын баса белгиледи.
АКШ казынасы Иранга учактарды сатууга лицензия берген. 2015-жылы Тегеран өзөктүк программаларына чектөө киргизүү аркылуу санкциялардан арылуу боюнча дүйнө державалары менен келишим түзгөн. Документтин шарттарына ылайык, АКШ казынасы Иранга учактарды сатууга уруксат берген. Авиалайнерлерди сатуу – Иран менен түзүлгөн ири бизнес-келишимдердин бири. Тегеран макулдашууну үзгүлтүккө учуратуу – келишимдин шарттарын бузууга тете экенин билдирүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ