Казакстандын Айыл чарба министрлиги жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна өкмөттүн чечими менен быйыл иш алып барган жер комиссиясы демилгелеген беш чараны кошууну сунуштоодо. Бул тууралуу 3-ноябрда айыл чарба министринин орун басары Ерлан Нысанбаев билдирди.
Анын айтымында, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн катарында айыл чарба багытындагы аянттарды натыйжалуу жана кылдаттык менен пайдалануу өңдүү типтик шарттарды белгилөө демилгеси да бар.
Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү билдиришкендей, ижарага берилчү жерге аянты боюнча чектөө киргизүү, мамлекеттик чек арага жакын аймактардагы жерлердин ижарага берилишине тыюу салуу, ошондой эле жайыт жерлери менен чабык аянттарын маселе каралып жаткан айылдын жашоочуларынын гана пайдаланышына уруксат берүү сунушталууда.
Мындай чаралар ушул жылдын жазында жер реформасына каршы бир канча жолку нааразылык акциялардан кийин иштеген жер комиссиясы тарабынан сунушталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ