Коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн республикада 1210 койка даярдалган. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Кубанычбек Калмаматов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, даярдалган 1210 койканын ичинен интенсивдүү терапия үчүн 153 палата бар.
– Бишкек шаары боюнча: 204 койка, анын ичинде 32 интенсивдүү терапия палатасы,
– Ош облусу – 470 койка, 55и интенсивдүү терапия палатасы,
– Жалал-Абад облусу – 260 койка, 12си интенсивдүү терапия палатасы,
-Баткен облусу – 114 койка, 20сы интенсивдүү терапия палатасы,
– Нарын облусу – 95 койка, 15и интенсивдүү терапия палатасы,
– Ысык-Көл облусу – 176 койка, 19у интенсивдүү терапия палатасы бар.
Ал эми резердеги койкалардын жалпы саны 823тү түзөт, анын ичинде 118 интенсивдүү терапия палатасы бар.
– Бишкек шаарында – 475 койка, анын ичинен 57и интенсивдүү терапия палатасы,
– Ош облусу – 60 койка, 12си интенсивдүү терапия палатасы,
– Жалал-Абад облусу – 70 койка, 31и интенсивдүү терапия палатасы,
– Ысык-Көл облусу – 21 койка, 4 интенсивдүү терапия палатасы,
– Талас облусу – 200 койка, 14ү интенсивдүү терапия палатасы даярдалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ