Ишенип тапшырган кызматты ийгиликтүү алып барыш керек өзү. Президент Алмазбек Атамбаев Кыянбек Сатыбалдиевди Жалал-Абад шаарына ыйгарым укуктуу өкүл кылгандан бери жасаган иши көрунбөйт. Кабинетине кирип-чыгып жүрөт окшойт. Анан да тим эле шагыраган сандарды толтуруп, бир беттик кылып маек чыгарыптыр. Башкасы билбесе да аны журналисттер өзү эле жазып койгонун байкап аттык. Кечээ болсо Кыянбектин наамына жазылган деген (калк айтса, калп айтпайт) кафеде журналисттер сабалып, камера талкаланды. Анда да таштан үн чыкса дагы, Кыянбектен үн чыга элек. Тамактануучу жай аныкы болбосо, «кафе меники эмес» деп койсо жакшы болмок. Журналисттери сабалып атса, 7-каналдын башчысы Алтынбек Жумаев дагы үн каткан жок. Жетекчи деген ириде журналисттерин коргойт, өз кызыкчылыгын көздөбөй.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ