Menu

Элдин, өлкөнүн кызыкчылыктарына артыкчылык берилиши керек!

Бөлүшүү:

Партиялар реалдуу атаандаштыкта баратышат.

Парламенттик шайлоо чечүүчү стадиясына кирди. Төрт күндөн кийин шайлоочулар тандагандары үчүн добуш беришет. Негизинен шайлоо алдындагы үгүттүк, жарнамалык иштер ушул убакка чейин таза, ачык жана адилет өтүп келгендигин белгилешибиз керек. Ырас, үгүт мезгилинде ар кандай себептер менен тизмелерден чыгарылгандар болду. Араванда тарапкерлери мушташкандары үчүн эки талапкер тизмеден өчүрүлдү, бирок алар БорШайлоокомдун же жогорку бийликтин уюштуруу иштериндеги мүчүлүштүктөрүнөн улам эмес, түздөн түз жолугушууну уюштурган участкалык шайлоо комиссиясынын, айрым жактоочулардын жана ошол жердеги тартипти көзөмөлдөй тургандардын шалакылыктарынан улам орун алды. Локалдык чөйрөдөгү айрым андай көрүнүштөр республикадагы жалпы шайлоо алдындагы үгүт жана жарнама иштерине, шайлоочулардын тандоолоруна терс таасирин тийгизе албайт. Бул шайлоодо бийликтин партиясы деген ачык фаворит болбоду. Эл арасында айрым партияларды бийликчилдер деп атап жатышкандары чындык, бирок буга чейин мурдагы убактардагыдай тигил же бул партия үчүн мамлекеттик жана муниципалдык жооптуу кызматтарда иштегендер сүрөөчү болуп жүгүрүп, же алар үчүн жолугушууларда же башка учурларда артыкчылык шарттарды түзүп беришкен учурлары катталбады. Оппозициячыл ЖМКлардын айрымдарынын “тигил мамлекеттик кызматкер бул партиянын жергиликтүү штабынын жанында жүрөт” деген маанилерде жарыялагандары менен таанышканыбыз чындык, бирок “жанынан өтүп баратыптыр, же келатыптыр” деген сыяктуу божомолдор-жоромолдор омоктуу жыйынтыктарды чыгарганга жетишсиз экендигин моюнга алуу керек. Биз деле кээде аларга эч кандай симпатиябыз же антипатиябыз болбосо деле айрым партиялардын кан жолдун жээгинде же урунттуу жерлерде жайгашкан штабдарынын жанынан өтүп калабыз, кээде жакын барып дубалдарында илинип тургандарды кызыгып карап чыгабыз. Бирок, андан автоматтык түрдө бизди ошол партиялардын бирине жан тартат деген жыйынтык чыкпайт да.

Бул шайлоонун буга чейинки шайлоолордон негизги айырмасы эмнеде дегенге, ачыктан ачык бир да фавориттин жоктугунда деп жооп берсек, ага сиздер да макул болосуздар го деп ойлойбуз. Өткөн парламенттик шайлоодо эртең менен таң атаарына кандай ишенсек, президенттик Кыргызстан демократтар партиясынын сөзсүз босоголук чектен өтө тургандыгына ошондой ишеничте болгонбуз. Ал иш жүзүндө ырасталган, аныкталган. Бул шайлоодо бизде андай жүз пайыздык ишенимди жараткан партия барбы? Жок! Байкообузда алты-жети партиянын шанстары негизинен бирдей эле. Акыркы күндөрдө алардын кимиси шайлоочулардын сезилерлик бөлүгүн өздөрүнө тартып, босоголук чектен аттап кетишет, кимдери түлкүнүн куйругун чала бурдаган тайгандай, босоголук чекке жетип-жетпей жер сабап калышат, аны ушул жүмадагы жекшемби көрсөтөт. Мындай кырдаал ачыктан ачык фавориттин жоктугун, партиялардын арасында реалдуу атаандаштыктын күчтүү экендигин гана айгинелейт.

Жалданма шыбакчыларды кимдер көбөйтүштү?

4-сентябрда БШК менен шайлоого катышкан 13 саясий партиянын ортосунда шайлоо алдындагы үгүттүк жана жарнамалык иштерди таза, ачык жана адилеттүү өткөрүү боюнча Меморандумга, андан кийин ЖМКлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда “мырзалык жана мырзайымдык” келишимге кол коюлса, ал негизинен сакталгандыгын, үгүт жана жарнамалык кампаниянын жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттердин аздыгында ал документтердин үлүштөрү бардыгын айтышыбыз керек. Боршайлоокомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Меморандум, мыйзамдын ченемдерин толуктаган саясий күрөштүн алгылыктуу ыкмаларын, өнөктүктүн эрежелерин аныктоого арналган саясий партиялардын «мырзалардын келишими» деп аталган жүрүм-турум Кодекси катары кызмат аткарат. Кол коюунун максаты – саясий партияларга оюндун кабыл алынган эрежелери боюнча бир пикирге келүүгө жардам берүү жана шайлоо процессине ишенимди жогорулатуу. Бул Меморандумдун жаңылыгы болуп талапкерлердин социалдык тармактардагы жүрүм-турумун ыктыярдуу жөнгө салуу», – десе, негизинен ал өз максатына жетти.

Бирок, өздөрүнө ишенбеген, капчыктары калың, тизмедегилери таасирдүү партияларга ичи тардык кызганыч, көрө албастык менен мамиле жасаган айрым партиялардын активисттери ал Меморандум, Келишимдин талаптарын сакташкан жок. Алар өздөрүнүн жартылык комплекстеринин өкүттөрүн күчтүү делген партияларды каралап шыбоо, айрымдарынын сөздөрүн өздөрү каалагандай бурмалап, теңирден тескери өңүттөрдө көрсөтүү менен чыгарганга аракеттенип келишти. Бул жагынан “Ата-Мекен”, “Бир Бол”, “Республика”, “Реформа” партиялары рекорд коюшту. Алардын буйрутмалары менен жалданма жазмакерлер социалдык түйүндөрдө булар бизден өтүп кетиши мүмкүн деген партиялардын иштерин, лидерлерин, аттуу-баштууларын тынбай шыбап, анысы аз келгенсип атаандаштары тууралуу жалган маалыматтарды да таркатышууда.

Кара пиар да идеологиялык иштердей эле усулияты, ыкмасы жана формасы улам жаңыртылып, өркүндөтүлүп, ченеми, дозасы менен жүргүзүлбөсө, күткөндөгүдөн тескери натыйжаларды бере тургандыгы практикада эбак эле ырасталган. Жогоруда аталган партиялардын троллщиктери, фейкчилери ж.б. андай алтын эреженин алкагынан чыгып кетишти. «Эмнени эксең ошону аласың» дегендей, алар 4-октябрда “эккендеринин түшүмдөрүнүн жыйнаганда” Боршайлооком менен бийликтегилерге док урунушпастан биринчи кезекте Меморандумдун, Келишимдин талаптарын сактабай, бокочого айландырабыз деп жатышып, элдин симпатиясын жараткандарга айландырып жиберишкен өздөрүн гана күнөөлөөлөрү керек. Кимди көп шыбай берсе, эл арасында андай демагогияга карата ички каршылык күчөп, ага симпатиялуу мамиле жасагандар көбөйүп, айрымдары баатырларга айланып кете тургандыгы да турмушта ырасталган.

Аша чапкандар, пандемиянын талаптарын сактабагандар.

Бийлик, Боршайлооком марафондогу партиялардын элге, шайлоочуларга өз үндөрүн жеткирүүгө эң мыкты шарттарды түзүп берди. Мыйзам чегиндеги убакыттарга ылайык, марафондогу партиялардын бардыгынын өкүлдөрү мамлекеттик электрондук ЖМКларда дебаттарга катышышты. Өкмөттүк басылмаларга жарнамалык материалдарын жарыялашты. Анда айрым партиялардын өкүлдөрү популисттик максатта аша чаап кеткендерине да күбө болдук. Алсак, “Ата-Мекен” партиясынын жарнамалык материалында кландык, коррупциялык башкарууну жоюу максат кылынгандыгы айтылыптыр. Бизде кландык башкаруу эки качкын президент менен, ал эми коррупциялык-кландык башкаруу АША менен кошо кеткен. “Ата-Мекенчилер” кландык, коррупциялык башкарууну кайдан табышкандыгын түшүнбөдүк.

Өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык абалын шайлоого катышкан айрым партиялардын өкүлдөрү “жерден алып көргө чаап” дегидей кылып сындашууда. Өздөрүнүн ойлорун, сунуштарын айтышууда. Айрымдарыныкы реалдуулуктан биротоло алыстап, саясый, социалдык утописттердин кыялый ой жүгүртүүлөрүнө да окшоп кетүүдө. Анысына деле мейли, айрымдарына көздү жумуп, ал шайлоонун шайтан оюндарынан деп коёлу. Бирок, азыркы бийлик айрым саясатчыларга канчалык жаман көрүнсө деле, ага “кландык, коррупциялык” дегендерди жабыштырганга негиз жок. Мамлекет бащчысынын бир деле тууганы мамлекеттик иштерге ачыктан ачык кийлигишкенин көрө элекпиз.

Мурдагы мамлекет башчылардай аялы өлкөнүн бир жагын чойсо, кызы-баласы экинчи жагын талашып, алар аздык кылгансып күйөө баласы бел акысы үчүн майлуу-сүттүү жерлерди четинен менчиктештирип, ага досторун да аралаштыргандай, дагы бири көчөдө жүргөн жылмакай “кызашка, балашкаларды”, шопурларды, жан сакчыларды министр, вице-премьер-министр, өкмөт башчы, Баш прокурор кылып дайындап, алардын колдору менен мамлекетке жүздөгөн миллиондогон долларлык зыян келтирген кылымдык ири коррупциялык афераларды ишке ашырган көрүнүштөр жок.

Мамлекеттик мекеме, уюмдарда иштегендердин бардыгы беткап тагынышып, беш-алтыдан ашыктан чогулгандан коркуп жүргөн пандемия убагында “Мекеним Кыргызстан”, “Бир Бол”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Мекен” партияларынын өкүлдөрү жүздөгөн адамдарды чогултушуп, үгүт иштерин жүргүзүп, азыркы бийликти ашата сындап жүрүшкөндөрүн күндө болбосо да күн алыс кара жашиктерден көрүп турдук. Андай жерлерде беткап тагынгандар аз болгондугу да чындык. Бир партиянын лидери жаздан жай ортосуна чейин “коронавирус деген оору жок, ал коркок бийликтин ойдон чыгарганы” деп кыйкырып келсе, элге бет кап тагынгыла деп ким айтат? Эми шайлоодон кийин аты өчкүр илдеттин экинчи айлампасы башталса, ага ким жооп берет? Пандемиянын талаптарын бузган партияларбы? Албетте, жок. Кыйынчылыктын баары дагы элдин мойнуна түшөт, өкмөттүн аргасы кетет. Жогоруда айтылган дүжүр сынчылдар өз күнөөлөрүн ойлошпостон “ дары-дармектер жетишпейт, вакцианалар келбей жатат, аларга өкмөт күнөөлүү” деп дагы дүжүр жарамазандарын айтып чыгышат. Ошондуктан пандемиянын талаптарын бузгандарга карата мамилелерин эл 4-октябрда эле билдирип койсо туура болот эле деп ойлойбуз.

Ар ким өзү чечет.

Эмне дебейли, кимдин ким экендигин, кимдин сөзү гана эмес, өзү да эмнеге турарын, алар эл, мамлекет үчүн эмне кылышкандыгын акылман элибиз бизден жакшы билет. Шайлоочулардын басымдуу бөлүгү ичтеринде эбак эле партиялардын бирин тандап, көңүлүндө добуш да берип коюшкан. 4-октябрда аны физикалык жактан гана констатациялап, ишке ашырышат. Алдыдагы үч күндүн ичинде да партиялар аракет кылышат, жүгүрүшөт, бирок ага чейин калыптанган абалды кескин өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Шайлоолордо туугандык, жердештик, тааныш-билиштик, тилектештик сыяктуу факторлор да кыймылга келтирилет. Айрым жерлерде добуштарды сатып алуу аракеттери да болушу мүмкүн. Андай болбойт деп да эч ким кесе айта албайт. Бирок, кандай факторлор кыймылга келтирилбесин, кандай убадалар берилбесин, ким эмне дебесин шайлоочу урнага жалгыз кирет. Шайлоо – альтернативдердин ичинен бирин тандоо. Мына ошол жерде ар кимибиз тааныш-билиштерибизге же башка жагдайларга эмес, элдин, өлкөнүн кызыкчылыктарына артыкчылык берсек жаңылбайбыз.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: