Menu

Чехияда орусиялык пропагандага каршы күрөшүү кызматы түзүлдү

Бөлүшүү:

Чехиянын Ички иштер министрлиги коомдук пикирге таасир берүүчү Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн келген пропагандага каршы күрөшүү боюнча атайын бөлүм түздү. Бул тууралуу Reuters агенттиги мекеме башчысы Милан Хованцка шилтеме кылып билдирди.

Жаңы түзүмдө 20 киши иштейт. Алар социалдык түйүндөрдү колдонуу менен жалган маалыматтарды төгүндөп, аткаминерлерди муну менен күрөшүүгө үйрөтүшөт.

Азырынча Москва чех министрлигинин бул кадамы боюнча комментарий бере элек.

Сентябрда Чехиянын Маалыматтык коопсуздук кызматы Орусия өлкөгө каршы «маалыматтык согуш» жүргүзүп жатканын билдирген. Чех контрчалгындоо мекемесинин маалыматы боюнча Москва Евробиримдикти, Украинаны жана НАТОну жаманатты кылган маалыматтарды таркатуу менен алектенген тыңчыларды жана топторду уюштурган. Чехия бийлигинин пикиринде, бул түйүн өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

2011-жылдагы эл каттоого ылайык, Чехияда 30 миңге жакын орус тилдүү адам жашайт. Өлкөдө жаңылыктарды орус тилинде жарыялаган ондогон сайттар иштейт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: