Menu

Быйыл Орусиядан 30дан ашык бронетранспортер алып келинди

Бөлүшүү:

Быйыл Кыргызстанга жардам иретинде Орусиядан 30дан ашык бронетранспортер алып келинди. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы Штабынын жетекчи орун басары Закир Тиленов билдирди.

Анын айтуусунда, эл аралык кызматташуунун алкагында аскердик техникаларды жаңылоо аракети жүрүүдө. Анын алкагында Кытайдан жүздөн ашык даана аскер техникалары алынды.

Тиленов аскер техникасын жаңылоо боюнча иштер уланарын кошумчалады.

2012-жылы Орусия кыргыз аскерлерине жалпы суммасы 1 миллиард долларлык курал-жарак жана аскердик техника берери кабарланган. Ошондон бери Орусиядан кыргыз аскерлерине аскердик техника келүүдө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: