Кечээ, 12-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Атайын өкүлү, Элчи Кнут Воллебекти кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Элчи К.Воллебек Бишкек шаарына өзүнүн Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарынын алкагында келди. Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тараптардын көп тараптуу аянтчалардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери – сапардын максаты болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ч.Айдарбеков Норвегия менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, саясий жана экономикалык мүнөздөгү күн тартибинин негизги маселелерине көңүл бурду. Кыргыз Республикасынын Норвегия менен эл аралык уюмдардын алкагында, анын ичинде, өз ара колдоо көрсөтүү боюнча кызматташтыкты улантууга даярдыгы тастыкталды.
Тараптар регионалдык жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ