Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР-ЕБ кызматташтыгынын жана КР Президенти С.Жээнбековдун 2018-жылдын 11-12-апрелинде Европа Биримдигинин институттарына жасаган иш-сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар ушул жылдын 23-ноябрында Брюссель шаарында өткөн ЕБ-БА Тышкы иштер министрлеринин Жолугушуусунун жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашты.
Ошондой эле алдыда (2018-ж.10-декабрында, Брюссель шаарында) боло турган КР-ЕБ кызматташтыгы боюнча Кеңештин 16-жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Тараптар кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн талкуулады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ