Конституциянын түп нускасы жоголуп кетиши мүмкүнбү?
— Түп нуска эле калды эле, көрсө аны да колдон чыгарган экенбиз. Конституция дегенден да катуу иштеген “уят, эл эмне дейт” деген намыс, адамгерчилик сыяктуу ыйык адатты, байыркы тарыхыбызды, тилибизди, дилибизди, динибизди жоготууга болгон мүмкүнчүлүк, кантип бир китепчеге ырайым кылсын? Туп нуска гезитке басылып, элге жарыяланган башкы закондун мазмуну. Ал эми китепче символ. Сакталуу болсо албетте жакшы болмок. Бирок мамлекеттүүлүгүбүздү күн санап жоготуп бара жаткандыгыбызга неге мынча айгай салбайсыңар? “Жаргак шымга, шайы жамаачы” дегендей эле болду.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ