Menu

“Кыргыз Темир жолу” ишканасынын башчысы Алмаз Ногойбаевге оңтойсуз суроо?: Митинг менен маселе чечейин дейсизби?

Бөлүшүү:

Урматтуу Алмаз мырза!

“Кыргыз темир жолу” ишканасына таандык жерде жайгашып, ишканага тоокко жем чачкандай өтө эле аз, билинип-билинбес ижара акы төлөп келген “Дыйкан” базарынын чыныгы кожоюндары сиз жана мурдагы шефиңиз Аргынбек Малабаев экени “иттин уулу Байгара” деле билип келет. Анткени ал жерде көмүскө айланып жаткан миллиондор аркылуу экөөңүздөр байып, байлыкты кайда чачаарыңарды билбей талаа-түздөгү жериңерден бери тосуп, эл барбаган тоонун арасына мечит куруп, үйүңөрдүн үстүнөн куш өткөз кылып коргондоп келгениңер жалпыга маалым.

Андыктан азыркы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бул шаар бюджетине жарытып тыйын түшүрбөгөн,  эли үчүн ыңгайсыздыкты жараткан, эч кандай шарттары жок, ал турсун соодагерлер үчүн техникалык-экологиялык, эпидомологиялык коопсуздукту жараткан базарды жаап салуу чечимин чыгарса, ошол чөнтөккө аккан миллиондордон куру калаарыңызды сезип алдыртан аракет кыла баштадыңызбы?  Минтип айтканыбыздын себеби, учурда “Дыйкан” базарынын сатуучулары “Биздин уруксатыбызсыз базарды башка жакка көчүрүүгө макул эмеспиз” деп  кайрылуу жасап, аны дароо эле окумдуу сайттарга жайгаштырып, керек болсо митингге чыгууга чейин барышаарын айтып жатканы бекер жерден дейсизби? Биздин билишибизче, мунун артында сиз өзүңүз туруп жаткандайсыз го?! Себеби мындан бир ай мурун эле аталган базарда болгонубузда андагы соодагерлер “Акчаны алышат, бирок шарт түзүшпөйт. Жок дегенде базардын таманын бетондоп койсо, калдыраган тачкалардын кулак жарган үнүнөн арылат элек…” – деп наалып отурушкан. Ал эми Фучик-Москва көчөлөрүнөн базарга жетчү жолдун тамтыгы чыгып,  унаа ээлери айласыздыкка башын чайкап отурушкан болчу. Анан эле шаар мэри аларга ыңгайлуу базарларды сунуштап жатса, алар кантип эле каршы чыгып калды экен, ыя?

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: