“Эгер “Мегаком” компаниясынын акциялары, 2010-жылдагы мародерлук боюнча депутаттык комиссия түзбөсөңөр, мен муну талап кылган элге кошулуп митингге чыгам. Башка мыйзамдуу жолду көрбөй турам!” Мындай сөздөрдү бүгүн ЖКнын депутаты Мээрбек Мискенбаев айтып төраганы “коркутту”. Анын пикири боюнча азыр карапайым эле Конституциядан биринчи ушул көмүскө иштердин бетин ачыктоо маанилүү экен. Муну угуп биз депутатка ошол көчөгө чыккандар азайсын деп көп партиялуу парламент түзүлгөнүн, элди көчөгө алып чыкпай эле мыйзам чегинде а дегенде фракциядан же комитеттен сунуш киргизип, комиссия түзүп ишти иликтесе болоорун, митингге чыгуу менен эле маселе чечиле бербесин, мандаты туруп, трибунасы туруп, митингге чыгам дегендик анчалык туура болбой калганын акырын кыйытып койгубуз келди. Сабыр жана чыдамкайлык саясатчыларга керек да.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ