Menu

Токмокто күйөөсү жана кайненеси 19 жаштагы кызды үйдүн подвалына 3 күн камап салган

Бөлүшүү:

Токмокто күйөөсү жана кайненеси кызды үч күн үйдүн подвалына камап коюшкан. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын 19 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал күйөөсүнө жана кайненесине каршы чара көрүүнү суранган.

Анын айтымында, үй-бүлөдөгү уруш-талаштардан кийин, аны жертөлөгө камап койгон. Ага тамак жана ичүүгө суу дагы берген эмес. Акыркы жолу ал үч күндөн бери кайрадан жертөлөгө камалган.

«Жабырлануучуну жертөлөдөн чыгаргандан кийин, ал тууган-туушкандарына окуяны айтып, милицияга арыз жазган», – деп билдирет редакция.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бул фактыны тастыкташты.

“19 жаштагы Г.Ш. аттуу жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Ал күйөөсүнө жана анын тууган-туушкандарына каршы чара көрүүнү суранган. Анткени алар, аны дайыма токмоктоп турчу. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча катталган. Экспертизалар көрсөткөндөй, арыз ээсинин ден-соолугу бир аз бузулган. Жабырлануучунун айтымында, 11-августта болжол менен саат 12.40та аны кайын сиңдиси сабап, андан кийин үйдөн качып кеткен. Ал 2019-жылы ноябрда 28 жаштагы М.Р.га турмушка чыгып, анын үйүндө кайненеси жана кайын сиңдиси менен жашаган. Акыры, аны тынбай сабап, жертөлөгө бир нече саатка камап салышкан”, – деди милиция бөлүмүнөн.

Ошондой эле, ведомство арыз менен кайрылган адамдын кайненеси менен кайын сиңдисин суракка алгандыгын, алар токмоктогон фактыны четке каккандыгын билдирди. Жабырлануучунун күйөөсү июлдун башында, кызганычтан улам, аялы менен чыр чыкканын, натыйжада аны сабап салгандыгын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: