Menu

Казакстан: АЭС курууга байланышкан чечим элдин пикирин эске алуу менен кабыл алынат

Бөлүшүү:

Казакстанда атомдук электр станциясын (АЭС) курууга байланышкан чечим элдин пикирин эске алуу менен кабыл алынат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Эгер АЭС курула турган болсо, ал тууралуу сөзсүз маалымат берилет. Эл өз пикирин айтат. Эгер жарандар «жок» десе, анда эч нерсе курулбайт. Бул боюнча чечим элдин пикирин эске алуу менен гана кабыл алынат. Учурда атом станциясын куруу боюнча эч кандай чечим жок», — деди министр.

Казакстанда орусиялык технологияларды колдонуу менен АЭС куруу мүмкүндүгү тууралуу Орусия лидери Владимир Путин казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен 3-апрелдеги жолугушуусу маалында айткан. Анын эртеси Казакстандын энергетика министринин орун басары Магзум Мирзагалиев өлкөдө АЭС куруу боюнча эч кандай чечим жок экенин билдирген. Бирок казак өкмөтү Орусиянын катышуусунда ыктымал курула турган АЭС үчүн Чыгыш Казакстан облусундагы Курчатов шаары менен Алматы облусундагы Улкен айылы каралып жатканын маалымдаган.

Адилет шайлоо өткөрүү талабы менен май айында өткөн митингдерде катышуучулар «Биз АЭСке каршыбыз!» деп кыйкырышкан. Көп өтпөй атом станциясын курууга каршы акция өткөргөн активист Болат Блялов 15 суткага камалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: