“Мен Иманкадыр Рысалиев менен 3 ай мурун тааныштым. Анткени “КТ-Мобайл” долбоору менен биздин Мегакомдун ортосунда келишпестиктер пайда болду. Анан ал мени коркуткан катты бир жарым ай мурун жөнөткөн. Бул кат боюнча мен Рысалиевдин өзү менен да сүйлөшкөм. Бирок, абдан көп коркутуулар болду. Өзү гана тараптан эмес, укук коргоо органдарын кошуп коркутту, премьер-министрдин сөзүн айтып коркутту. Эми ар кандай сөздөр менен коркутту, комиссияга айтып берейин…”, – деп билдирди бүгүн, 17-майда мамлекеттик “Мегаком” уюлдук компаниясынын гендиректору Акылбек Жаманкулов “КТ-Мобайл” долбоорундагы коррупцияны иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын биринчи отурумунда.
Булак: KyrgyzToday.kg
Видео: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ