Өкмөттүн алдында кризистен чыгуу үчүн курамына белгилүү адамдар кирген кеңешти түзүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган адистердин кеңешине кулак салууга чакырды.
“Мухаммедкалый Дүйшекеевич, бардык колдон келген аракетти жасап жатасыз. Бирок, эч качан жалгыз дарак бак болбойт, жалгыз кыла албайсыз. Өзүңүздүн билимиңизден, тажрыйбаңыздан өйдө секире албайсыз. Пандемия келгенден бери саясий партиялардан лидерлери, саясатчылар, аналитиктер, экономисттер кандай гана программаларды, сунуштарды берген жок. Кеңеш түзүп, тегерек стол уюштуруп, белгилүү саясатчыларды оппозициялык болобу, позициялык болобу, чакырып, чогултуңуз. Бизнесмендерди, ошол эле Аскар Салымбеков, Чыныбай Турсунбеков, Шаршенбек Абдыкеримов, Өмүрбек Бабанов ж.б. чакырыңыз. Аналитиктерден айтсак, Данияр Аманалиев канчалаган сунуштарын берди, Муратбек Иманалиев, Чынара Жакыпова ж.б. толтура. Мына, Камила Шаршекеева билим берүү тармагындагы кризис боюнча эң чоң сунуштарын басма сөз каражаттарына берип жатат” – деп билдирди депутат Руслан Казакбаев.
Мухаммедкалий Абылгазиев бардык чыгып жаткан материалдарды, сунуштарды окуп, айрым эксперттер менен байланышууга жетишкенин айтты.
“Май айында бардыгыңыздарды чакырабыз. Тегерек столдо жолугушууларды өткөрөлү. Бардыгыбыз макулдашып, сунуштарды кабыл алалы. Өзгөртчү мыйзамдар көп, ошолордун барына чогулуп киришели” – деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ