Menu

Франциялык футболчу Антуан Гризманн жайында 120 млн еврого “Барселонага” өтөт

Бөлүшүү:

Франциянын улуттук тандалма командасынын мүчөсү, Испаниянын “Атлетико Мадрид” клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн быйыл жайында 120 млн еврого “Барселона” командасынын курамына өтөт. Бул тууралуу испаниялык басылмалар кабарлады.

Европадагы атактуу футбол клубдарынын бири “Атлетико Мадрид”  таланттуу футболчуну 2014-жылы Франциянын “Реал Сосьедад” клубунан 30 млн еврого алган.

28 жаштагы франциялык футболчу “Атлетико Мадриддин” катарында 256 жолу оюн талаасына чыгып, 133 гол киргизген.

Антуан Гризманн  2018-жылы Россияда өткөн дүйнө чемпионатында Франциянын улуттук тандалма командасынын катарында ойноп, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынган. Ал эми 2016-жылы Европа чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон француздардын катарында болгон. 2016-жылы Европанын мыкты оюнчусу деген сыйлыкка арзыган. Ал жаштар арасында да Европа чемпиону болуп саналат. 14 жашында футбол дүйнөсүнө келечектүү улан катары таанылган. Атасы да футболчу болгондуктан уулунун талантынын ачылышына себепкер болуп, Макон шаарынан алыс болсо дагы «Монполье» клубуна алып барып, машыгууларына шарт түзгөн. Анын талантын байкаган “Реал Сосьедад” клубунун башкы машыктыруучусу Мартин Ласарте болуп, чоң футболдун эшигин ачкан. Мыкты футболчу болуп, чеберчилигинин өсүшүнө Испаниянын “Атлетико Мадрид” клубуна барганы себепкер болду. Бул команданын катарында 2014-жылы Испаниянын Суперкубогун, 2017-2018-жылдары УЕФАнын Европа Лигасыны, 2018-жылы УЕФА Суперкубогунун жеңип алууга салым кошуп, мыкты чабуулчу катары таанылды.

«Кичинекей ханзаада» каймана атка ээ Антуан Гризманн  баарына үлгүргөн жигит. Учурда  үч жаштагы Мия аттуу кыздын, жакында эле төрөлгөн Амаро аттуу уулдун атасы. Мод аттуу карындашы жана Тео аттуу иниси бар. Иниси да ага жолун жолдогон футболчу.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: