Орустардын “Газпром” компаниясынын президенти Алексей Миллер келип, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы тарабынан Бишкектин Арча-Бешик конушуна курулуп жаткан спорттук комплексти ачып кетти. Аталган спорттук жай, компаниянын Кыргызстандагы төртүнчү спорттук имараты катары курулуп, анын ачкычы Бишкек шаар мэри Албек Ибраимовдун колуна ташырылды. Эми 700 көрөрмандын оруну бар, 500 бала машыга турган секциялык залдары бар спорттук комплекс Бишкектиктердин спорт менен жашоосуна өз салымын кошмокчу. Жыйынга катышкан өлкө президенти Алмазбек Атамбаев март меймандын колун куру кыспай, ага “Данакер” орденин тапшырды. Ошону менен бирге, эми “Газпром Кыргызстан ” спорттук комплекстерди салууну түштүк райондордо улантаары күтүлүүдө. Бирок негедир Алексей Миллер Кыргызстанды толук газдаштыруу качан аяктаарын айтпады…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ