-Өткөн аптада Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректорунун биринчи орун басары проректор Эрмек Усекеев жумуштан алынып, анын ордуна буга чейин Юридикалык колледждин жетекчиси болуп иштеген Урмат Аманалиев дайындалды. Чынында Эрмек Усекеевдин деле жаман иштегенин уккан эмеспиз. Жакшы иштейт деп угуп жүрчү элек. Эми жаңы дайындалган Урмат Аманалиев деле Эрмектен кем калышпай жакшы иштейт деген ойдобуз. Ал эми дагы бир маалымат, буга чейин коррупциялык ишти жабуу үчүн орган кызматкерлерине 100 миң сом сунуштаган деп камакка алынган КУУнун дагы бир проректору Нурзак Асанбеков аз күн мурун камактан чыкканы тууралуу кабар алдык. Ал туура 8 ай жазасын өтөптүр. Эмне болуп, кантип кутулуп чыкканы белгисиз.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ