Статистика боюнча 6 миллион калкы бар Кыргызстанда койдун башы дагы алты миллионго жетиптир. Ашык эмес, кем эмес. Бул тууралуу КРнын айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев ЖКда айтып, буга акыркы учурлардагы айыл чарбасына карата берилип жаткан арзан насыялардын көмөгү тийгенин кошумчалады. Бул албетте сүйүнө турган жаңылык. Союз учурундагыдай 18 млн. койго жеткирбесек да, ирденип калыптырбыз. Бирок мынча койдун эти менен жүнүн сыртка сата албай жатканыбыз, фермерлерибиз койдун туягын санап жүргөнү менен базарда мал текейден арзан болуп, элеттиктердин жылдызы жерге түшүп турганын кайда жашырабыз? Ооба, азыр базарда мал арзан, бирок эт кымбат! Эми ушул экөөнү теңдештирип, ортодогу ортомчулар деген шылуундарды жок кыла албаган өкмөткө эмне дээрди да билбейсиң…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ