Menu

Фото – Памирде сүйүү жок

Бөлүшүү:

Аманатты артып, Памирге аттандым

Алгачкы жолу Памир кыргыздары жөнүндө мындан эки жыл мурун угуп калдым. Экинчи мамлекеттик экспедициялык топ гуманитардык жардамды жеткирип келгенден кийин «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдун берүүсүн көрүп, абдан таң калдым. Кантип эле азыркы жашоодо байыркы көчмөн эл сакталып калган деп ишене албай жүрдүм. Бир четинен таптакыр цивилизация жок, шарты өтө катаал жерде жашаган элди көрүп зээним кейиди. Кантип боордошторго жардам бере алабыз деп өзүбүзгө суроо коюп, жаштар биригип кайрымдуулук иш-чара уюштурдук. Элден чогулган жардамды артып алып, экспедициялык топ менен Ооганстандын Памирине сапар тарттык. Он күндүн алты күнү жолго кетсе, төрт күн Памирде түнөдүк.

img_1118

Кайгылуу көздөр, жарылган колдор

Биз барганда эркектер тизилип колдорун сунушту. Баарына башыбызды ийип, колубузду сунуп учурашып аттык. Айта кетчү нерсе, Памирде кыз киши менен эркектер кол беришпейт. Памир кыргыздары дароо эле “Тазасызбы?” деп суроо узатышты. Тазабыз деп жооп бергенден кийин алардын абалын суроо мен үчүн кыйынга турду. Анткени кайгылуу көздөрү, кыйналган жүздөрү, жарылган колдору ансыз деле көп нерсени айтып турду. Сыртымдан жылмайып турганым менен ичимден эзилип, жүрөгүм сыйрылып атты. Андан кийин алар менен көпкө баарлаштык. Буулугуп турган боордоштор буктарын чыгаруу үчүн биринен-бири сөз талашып, эң оорчундуу маселелерин айтып жатышты.

kichi-pamir-085

“Сиз доктурсузбу?”

Ким болбосун, алгачкы берген суроосу: “Сиз доктурсузбу?”  Анткени саламаттыкты чыңдоочу борборлор, медицина кызматкерлери памирликтердин түшүнө да кирген эмес. Аялдар менен балдар арасында өлүмдүн көптүгү байкалат. Кыз-келиндер төрөттөн же төрөттөн кийин тыңый албай көз жумушат. Балдар төрөлөрү менен же болбосо бир нече айдан соң чарчап калышат. Кандай гана дартка кабылбасын, бардык илдетке дары жок болгондуктан күчөп кетип, өлүмгө дуушар болот. Ошондуктан доктурду көрүшсө, Кудайды көргөндөй сүйүнүшөт. Дарыгерге бир эмес, беш-алты дартын айтып арызданышат.

img_1132

Эттен башка нан бар

Памир кыргыздарынын тамак-аштарынын бардыгы эттен жана ундан жасалат. Анткени андан башка азык-түлүк жокко эсе. Топоздун сүтүнөн каймак, айран, курут даярдашат. Мага өзгөчө чий борсок менен быштак жакты. Колунда барлардын үйүндө кумшекер, нават кант да болот, көбүнчө коюу демделген кара чай ичишет. Чайга нанды малып жешет. Ошентип жумшартып алышпаса, тиштери жок болгондуктан аш кылалбай  кыйналышы мүмкүн.

img_1705

Аймакта бир гана терскен өсөт

Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринде аба-ырайы суук жана кургак болгондуктан эч кандай өсүмдүк өспөйт. Бул аймакта жаан да жаабайт. Жылдын он айы суук болот. Боордоштордун бактысына, бир гана терскен аттуу, тамыры катуу келген, тикенеке окшогон чөп чыгат. Аны жыйнап келип, мешке жагышат. Жылуулук берүүсү жакшы дешет. Эң негизги отун болуп, малдын тезеги эсептелет. Тезекти чогултуп, күн сайын жагышат.

img_1382

Ажалдын аялдарга өчү бардай

Жашоо-шартынын оордугунан улам бул жерде аял болуу өтө татаал. Жаш келиндер көбүнесе төрөттөн каза тапкандыктан, алардын саны күн санап азайып баратат. Жыл сайын көз жарып, балдарын жоготкондор ондоп саналат. Келинчегин ажалга жулдуруп, аялзатынын тартыштыгынан көп жылдар бою жалгыз жашаган эркектер аял дегенде эки козу төрт.

chon-pamir-176

“Биз баланы жаман көрөбүз”

Башында бизди көргөн балдар чочуркап, жаныбызга жолобой жатышты. Кийин колубуздагы таттууларды берип атып, акыры көндүрдүк. Экинчи күнү жаныбыздан чыгышкан жок. Божурашып ар нерсени сүйлөп беришти. Закия аттуу кыздын акылы абдан тунук экен. Ал мага “мотодон” (машине) коркконун айтып берди. Анан да төө минип, бир нече күн жол жүргөнүн баяндады. Көрсө Закия жана анын эгизи Латифа операция жолу менен жакынкы аймактын ооруканасында жарыкка келишкен экен. Эки секелектин кыялы эки башка. Закия ачык, адамга жакын. Латифа түнт, жалгыздыкты жактырган кыз. Балдарды жакшы көрүп, эркелетип жүрсөм, бир апа “биз баланы жаман көрөбүз” деп айтты. Эмнеге экенин сурасам, бул жакта бала турбайт, эрезеге жетпей эле көз жумат дейт. Ошондуктан бала бизде болбосун деп тилешет экен. Баса, Закия “кийинки келгениңде мага чак бут кийим алып кел” деп суранды.

chon-pamir-255

Байдын кыздары кымбат турат

Байлар кыздарына калыңды көбүрөөк сурашат. Орто эсеп менен 100 кой жана ондогон топозго бааланат. Ошондуктан кадимки үй-бүлөнүн ага кудурети жетпейт. Карапайым кыздардын калыңы 20-30 кой жана бир нече топозго жетет. Кээде кайчылаш кудаа болушат. Мында бир кыз берип, ордуна башка кыз алышат. Турмушка чыккан кыздардын орточо жашы 12-13тө. Ата-энелердин айтуусу боюнча, алар кыздарын бойго жеткиче сактап келишет. Бирок дарыгерлер сураштырып отуруп, чыныгы жашын аныктап чыгышат. Көпчүлүк кыздар жаштарына жаш кошуп, улуу көрүнүүгө аракеттенишет.

img_1905

Памирде сүйүү жок

Жаш жубайлар менен сүйлөшүп калдым. Аларды ата-энелери кудалап, баш кошуптур. Буга чейин бири-бирин көргөн да, билген да эмес. Памирде балдар ата-эненин сөзүнөн чыга албайт дешти. Жаштар сүйүп да көрбөгөндүгүн айтышты. Эгерде ата-энебиз алып берген кыз жакшы болуп чыкса, жашап кетебиз, болбосо бошотобуз дейт бирөөсү. Алган жарыңызды сүйүп гана жашаңыз деп тилек кылдым ичимден. Кантсе да, жактыргандыгын ачык айта беришпейт. Бирок Рамазан аттуу жигит башкача болуп чыкты. Ал кошуна айылдагы байдын кызына ашык болгонун айтып берди. А бирок аны өзүнөн бир топ улуу эркекке кудалап койгонуна кейиди. Рамазан сүйгөнүнүн чыныгы атын жашырып, аны Акшайыр деп атап, обонго салып ыр созот. Күйүтүн, сезимдерин бир гана ырдан чыгарып, жигит сүйгөнүнө жете албай жүргөн кербези. Эгерде колунда жетиштүү мал-мүлкү болсо, балким сүйгөнүнө жетээр беле, ким билет…

img_1106

Рамазандын Акшайырга арнаган ырынан

Ак кыядан чаң чыгат, көчүң барбы, Акшайыр?

Азапка мени салгыдай, өчүң барбы, Акшайыр?

Кулжанын изи тайиндүү, кумда болот, Акшайыр,

Кумары күчтүү эки жар, чанда болот, Акшайыр.

Аркардын изи тайиндүү, сайда болот, Акшайыр,

Сагынышкан эки жар, чанда болот, Акшайыр.

img_1449

P.S. Памирлик кыргыздар дайыма бизди күтүшөт. Кыргыз элине үмүттөрү чоң. Ошондуктан, боордошторубуз ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө болсо дейм.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: