АКШда 8-ноябрда шайлоо өтөт. Өнөктүккө эки жума калганда Дональд Трамп атаандашы Хиллари Клинтондон арта калып бара жатканын моюнга алды.
Акыркы сурамжылоолорго ылайык, Хиллари Клинтон негизинен жалпы өлкө боюнча, анын ичинен шайлоодо тагдыр чечүүчү бир канча штаттарда алдыда бара жатат. Клинтондун шайлоо штабынын башчысы 8-ноябрда Американын тарыхындагы эң маанилүү шайлоо өтөрүн билдирди. Анын божомолунда добуш берүү тилкелерине мурда болуп көрбөгөндөй көп эл келет.
Адатта республикачылардын тарабында болуп келген Юта жана Аризона штаттары көп жылдардан бери биринчи жолу Демократиялык партиянын талапкерин колдошу мүмкүн. Республикачыл талапкер Дональд Трамптын рейтинги анын аялдар жөнүндөгү жаңжал жараткан билдирүүлөрүнөн кийин түшүп калган.
Трамптын шайлоо штабынын башчысы Эн-би-си телеканалына маек берип, Клинтондун айрым артыкчылыктарына карабай, республикачылар жеңип кетиши мүмкүн экенин айткан. Бирок өткөн жума күнү Трамп “жеңилип калышы мүмкүн” экенин моюнга алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ