Жакында сессиянын жүрүшүнө абай салып отурсам, момундай бир «уникалдуу» талашка көңүлүм түштү. «Бир Бол» партиясынан депутат болгон Мыктыбек Абдылдаев кайсы бир «мыйзам таризинде…» деген сөздү бекем кармап, спикер Чыныбай Турсунбековду ары-бери «көкбөрү» тартып атат, атаңгөрү… Эми Мыктыбек аке саясатта такшалган, тажрыйбалуу депутат, эл-журт үмүт эткен белгилүү эле инсан ушул бир сөздү кармап алып, кайран убакытты эзмелеп атса таң калбай койбойт экенсиң. Эсеби маселең, «мыйзам таризинде» же «мыйзам түрүндө» деген мааниден эч нерсе өзгөрбөйт. Экөө тең синоним сөз. Ушундан улам мына мындай аргасыз ой келет: билим деңгээли, турмуш тажрыйбасы, саламаттыгы, бой мүчөсү, жаш курагы келишкен эле кишилер эл тагдырына тийиштүү, бийлик келечеги аныкталаар «бычак мизиндей» маселе коюлуп атса, кайдагы бир аксиома сөздү айланчыктап, акылдуусунуп атса, «атаңдынгөрү ээй, биз кайда баратабыз деги?» деп жер муштайт экенсиң…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ