БШК Демократия үчүн коалициясынын президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун 23-ноябрда “7-каналга” берген маегине байланыштуу арызын канааттандырган жок. Мындай чечим кечээ, 4-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды.
БШКнын мүчөлөрү телеканалды жазалоону сунушташты, бирок алар Жапаровдун иш-аракеттеринен одоно мыйзам бузууларды байкаган жок.
“Бул бардык ЖМКларга профилактикалык чара болсун”, – деди Кайрат Осмоналиев.
БШКнын дагы бир мүчөсү талапкерлерден шайлоо алдындагы жарыш башталганга чейин маектешүүдөн алыс болууну суранды.
Натыйжада, талапкерлерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына үгүттөө иш-аракеттеринин белгилери камтылышы мүмкүн болгон маалымат материалдарын жарыялоодон алыс болуш үчүн оозеки кайрылуу менен гана чектелди.
Белгилей кетсек, Демократия үчүн коалициясы президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун 23-ноябрда 7-каналдын эфирине чыккан маегине байланыштуу БШКга кайрылуу жөнөтүшүп, Жапаровдун билдирүүлөрүнө укуктук баа берүүнү өтүнүшкөн.
Активисттер БШКдан аталган телеканалдагы маекте эрте үгүт жүргүзүүнүн элементтери бар же жоктугун, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузган же бузбагандыгын аныктоону суранышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ