Октябрь РИИБи тарабынан дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Максат Мундузбаев жана 13 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Кудурет Жунусов изделүүдө. Жоголгон балдар 9-октябрда саат 13:00дөр чамасында үйдөн чыгып кетип бүгүнкү күно чейин дайынсыз. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Мундузбаев Максаттын бою 150-155 см, орто дене түзүлүштө, көзү кара, чачы кара, өңү кара тору. Боз футболка, спорттук шым, бутуна кара спорттук кийим кийип жүргөн.
Жунусов Кудуреттин бою 150-155 см. Орто дене түзүлүштө, көзү кара, чачы кара, өңү кара тору. Оң колунун сөөмөйү ийилген, башында тырыгы бар. Спорттук күрмөсү, спорттук шым жана бут кийим кийип жүргөн.
Жоголгон балдардан кабарыңыздар болсо 56-44-02, 0554 102-148, 0554 102-147, 0553 102-839, 0550 102-238 Октябрь РИИБине кайрылыңыздар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ