Menu

Тажикстандык талиб 16 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Тажикстанда сот кылмыштуу топ түзүүгө тиешеси бар жана жалданмачылык менен алектенген деген айып менен 28 жаштагы Бегижон Назаровду 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал ооган атайын кызматы тарабынан кармалып, Талибан кыймылынын мүчөсү катары Дүйшөмбүгө экстрадицияланган.

Маалымдалгандай, Бегижон Назаров 2011-жылдын аягында шериги Анвар Худоёров менен бирге Казан шаарынан чыгып, Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Журм районуна барган. Анда алар Кори Махфуз аттуу Талибан өкүлү менен жолугуп, согушка катышууга уруксат жана курал-жарак алышкан.

2014-жылы Анвар Худоёров бутунан жаракат алып, дарылануу үчүн Пакистанга чыгып кеткен. Сотто айтылган маалымат боюнча учурда ал Сирияда «Ислам мамлекети» тобунун катарында согушка катышып жүрөт. Бегижон Назаров ооган өкмөттүк күчтөрү тарабынан Бадахшан провинциясынын Хурши айылында кармалып, кийин Тажикстанга өткөрүлүп берилген.

Соттолгон адамдын туугандары менен адвокаты өкүм боюнча эч кандай комментарий беришкен жок, бирок сот жараянынын жүрүшүндө Назаров Талибан мүчөсү экенин мойнуна алганын айтышты.

Акыркы жылдары Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусу менен чектешкен Ооганстандын Бадахшан провинциясы талиптер менен ооган коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы айгышкан кагылыштардын жана туруксуздуктун очогуна айланган. Мурдараак ал провинцияда ооган атайын кызматтары тарабынан бир нече тажик согушкери кармалган. Өткөн жылдын жазында ооган Бадахшанынын бийлиги Журм районундагы кагылыштар маалында теги тажикстандык болгон жети согушкер жок кылынганын билдирген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: