Бүгүн, 5-майда “Санат” телеканалында экс-прокурор Сыймык Жапыкеев тарабынан $2,5 млрд байлыгы бар деп коррупцияга айыпталып жаткан депутат Кубанычбек Жумалиев дагы бир жарандык активист Мелис Аспековдун талабы боюнча ыйык Куран китебин колуна алып, “мен коррупцияга аралашпагам” деп карганды. Демек ал өзүнө ишенет. Эгер ал кудайды алдаса өз жазасын алат. Бирок мындай учурда экинчи тараптын да жоопкерчилиги болот да. Мелис Аспеков менен Сыймык Жапыкеев Жумалиевге жалган жалаа жаап жатса, анда аларды да ыйык Курандын кусуру урат да! Жигиттер, этият болгула, ыйык Куранды көтөрө чуркоонун алдында ойлонгула! Намаз окуйбуз дейсиңер, мындай учурда жоопкерчилик эки тараптуу экенин унутпаңыздар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ