Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун «коррупционер» экенин айткандар арбыды. Буга чейин трайбалисттик кадрдык жүрүштөрү боюнча дагы маалыматтар тараган. Тилекке каршы, Абдыкалык мырза «Төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок» деген принципти карманып, үн катпай жатат. Унчукпай кутулуу анын тазалыгынан кабар бербейт да. Айтылган сынды чиркей чакканчалык көрбөгөн, «мен аппакмын» деген чиновниктер азыр кайда олтурат? Ушул жагынан караганда, Абдыкалык мырза актанса деле эки ооз сөз айтып койбойбу! Же, «Катыным дүлөй, жаным тынч» деген принцип менен ишин уланта береби? Качанга чейин эркелетебиз?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ